• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Navruz Cup 2022: Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Өзбекстанга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Кечээ, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Navruz Cup 2022 эл аралык мелдешинин алкагында Өзбекстандын командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында болуп, ага Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышууда.

Кыргызстандын курама командасы жарым финалда Өзбекстандын оюнчулары менен беттешип, 3:1 эсебинде утулуп калды.

Оюндун алгачкы чабуулунда эле "Акшумкарлар" эсепти ачканга үлгүрдү. Кайрат Жыргалбек уулунун чыгарган тобун Мирлан Мурзаев мыкты соккусу менен голго айлантты. Биринчи таймда дагы бир канча кооптуу абалдарды жаратканы менен эсеп саны өзгөргөн жок.

Экинчи бөлүктө Өзбекстан чабуулун күчөттү. Биздин команда көбүрөөк коргонууда болуп жатты. Жыйынтыгында Шомуродов 64-мүнөттө эсепти теңеди. Оюн соңунда алмашууга чыккан Сергеев эки гол киргизгенге жетишти.

Ал эми мелдештин биринчи оюнунда Уганда менен Тажикстан курамалары беттешип, оюн 1:1 эсеби менен аяктап, Африка континентинин өлкөсү пенальти сериясында таамай болуп чыккан, эсеп 5:4.

29-мартта Кыргызстан Тажикстандын курамасы менен оюн өткөрөт.

Белгилей кетсек, мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалдык беттештер ойнолот. Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттеште кез келишет.

Пикир

Оставить комментарий