• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Назарбаев "Айка" тасмасы тууралуу: Казактар башка өлкөдө жалданып иштеген жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.03.19 /Кабар/. Астанада Нурсултан Назарбаев аялдарды 8-март эл аралык аялдардын күнү менен куттуктап, жолугушуу өткөрдү. Ага Казакстанда атагы чыккан аялдар чогулуп, алардын арасында актриса Самал Еслямова дагы болгон.

Назарбаев "Айка" тасмасындагы башкы каармандын ролун ойногон Самал Еслямованы мактап, бирок казактар эч качан башка өлкөдө жалданып иштеп жүрбөгөнүн билдирди, деп жазат informburo.kz

"Самал Еслямова бул кинофильмде Казакстанды абдан жакшы үгүттөптүр. Мыкты актриса деген сыйлык алды. Эң негизгиси ал чет өлкөдөгү эмигранттардын абалын көрсөткөн. Кудайга шүгүр, мен дайым айтып келем, эгемендүү 27 жылдын ичинде казакстандыктар эч бир өлкөдө жалданып иштеген эмес", - деди Назарбаев.

Эске салсак, “Айка” тасмасы Москвада мыйзамсыз иштеген кыргызстандык жаш эмигрант кыздын жашоосун баяндайт. Өзү каалабай боюна бүтүп калган соң ал баласын төрөт үйүнө таштап коёт. Убакыттын өтүшү менен энелик сезимдер ойгонуп, Айка баласын издеп баштайт.

Пикир

Оставить комментарий