• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Назарбаев Азияда Жамааттык коопсуздук уюмун түзүүнү сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Азияда Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмун түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 13-ноябрда «Астана клубдун» пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

«Мындай уюмдун пайда болушу — акыры ишке аша турган нерсе. Казакстандын демилгеси менен өтүп келаткан Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча жыйындар болочоктогу коопсуздук уюмуна негиз болуп бере алат. Учурда ал жыйындарга Азия континентиндеги 30 мамлекет катышып жатат», - деди Назарбаев.

Казак президентинин айтымында, мындан тышкары «Алматыда Евразиядагы коопсуздук боюнча конференция өткөрүү максатка ылайык» болот.

Назарбаевдин пикиринде, Азиядагы жамааттык коопсуздук уюму ЕККУ менен биргеликте евразиялык субконтинентте коопсуздук зонасын түзө алат.

Казакстан Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары саммити өңдүү эл аралык жана аймактык уюмдардын толук укуктуу мүчөсү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий