• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Назарбаев Башкы муфтийге диндеги мамлекеттин ролун эскертти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанада жаңы шайланган Башкы муфтийди кабыл алып, дин чөйрөсүн көзөмөлдөөдөгү мамлекеттин ролун белгиледи.

Казак лидери муфтийге диний ишмердүүлүк жөнүндө даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун негизги мазмунун калкка жеткирүүнү тапшырды. Назарбаев Серикбай Ораз менен жолугушуу учурунда мамлекет ар бир жарандын дин тутуу эркиндигин камсыздоо боюнча бардык ишти жасаганын билдирди.

Назарбаев Казакстан светтик өлкө экенин белгилеп, Куран жана хадистерди мыкты билген имамдарды ишке тартып, салттуу ханафит мазхабын жана анын деструктивдүү агымдардан айырмачылыгын элге түшүндүрүү зарылдыгын айтты.

— Дин жолундагы адамдардын арасында жаштар бар. Мечиттерге моданын желаргысы менен баргандар да бар, шымдарынын этегин кыскартып, сакалын койгон диндарлар да бар. Алардын баарына исламдын негиздерин туура түшүндүрүү керек, — деди ал.

Быйыл апрелде Назарбаев Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушууда аларды кыска шым жана узун сакалга мыйзам деңгээлинде тыюу салууга үндөгөн.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий