• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Назарбаев биринчи транш менен Кыргызстанга 41 млн доллар берүүнү колдоду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы бажы өткөрүү пункттарын жакшыртууга жумшала турган каражат боюнча эки мыйзамды колдоду деп жазат “akorda.kz” маалымат агенттиги. Бул каражаттар Кыргызстанды ЕАЭБдин шарттарына шайкеш келтирүү максатында берилүүдө.

Ошондой эле, казак президенти техникалык жардам берүү тармагында Кыргызстан менен Казакстан өкмөттөр аралык протоколун ратификациялоо жана аталган протоколго оңдоп түзөөлөрдү киргизүү мыйзамына кол койду.

Биринчи протоколго 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербургда кол коюлган. Анда Кыргызстанга берилчү каражаттын биринчи траншы 7 млн 526 миң 789 долларды түзмөк.

Экинчи мыйзам, тагыраагы аталган протоколго 2017-жылдын 17-мартында Москвада өзгөртүүлөр киргизилген. Анда биринчи транштын суммасын 41 млн 39 миң долларга чейин көтөрүү каралган.

Маалым болгондой, бул каражаттын 1,3 млн доллары “Достук”, “Карамык”, “Маданият” бажы өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртууга жумшалат. 5,6 млн доллар сыноо лабораторияларын модернизациялоого, техникалык көзөмөлдөөчү адистерди окутууга бөлүнөт. Ал эми калган 577 миң транспорт тармагындагы лабораторияларды жарыктандырууга жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий