• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Назарбаев: Биз Кыргыз эли тандаган президент менен иштешебиз

Саясат 0


БИШКЕК, 15.08.17. /Кабар/. “Биз Кыргыз эли шайлаган президент менен иштешебиз”,-деди Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайтында жарыяланган.

Жолугушууда Жээнбеков Казак президентине ыраазычылык билдирип, Эл аралык “ЭКСПО-2017” көргөзмөсүн ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктады.

“Мен сиздин Кыргызстанга көрсөткөн колдооңуз үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ар дайым бир тууган Казакстандын, сиздин деңгээлиңизде жана өкмөттүн деңгээлинде колдоону сезип келебиз”,-деди Жээнбеков.

Казакстандын президенти өз сөзүндө эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуунун негизин эки элдин байыртан бери келаткан тарыхый мамилеси жана алардын бири бирине болгон ишенимин түзөт деп билдирди.

“Биз кошуна, бир тууган мамлекеттерденбиз. Мен ар дайым мүмкүн болушунча Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн зарыл болгон жардамымды көрсөтүп турам. Экономиканын өнүгүшүнө саясий стабилдүүлүк өтө маанилүү. Биз ар дайым Кыргыз эли менен бирге болобуз. Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындап калды, биз кыргыз эли кимди шайласа, ошол президент менен иштешебиз”,-деди Назарбаев.

Пикир

Оставить комментарий