• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Назарбаев Брюсселде Макрон менен жолукту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Брюсселде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен эки тараптуу мамилелерди талкуулады. Жолугушуу президенттер 18-октябрда «Азия — Европа» форумунун (АСЕМ) 12-саммитинин ачылышына барган маалда болгон.

Казак президентинин администрациясы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө «аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча ачык пикир алмашуу» болду.

«Бүгүнкү жолугушуудан кийин казак-француз байланыштары жаңы деңгээлге чыгарына ишенем. Биздин өлкөдө ондогон франциялык компаниялар иштейт. Ортодогу товар алмашуу көлөмү беш миллиард долларга жетиши мүмкүн» — деп билдирди Назарбаев.

Буга чейин Ак ордо Брюсселде Назарбаев Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугуп, эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташуусунун абалы менен келечегин талкуулаганын билдирген. Мындан тышкары казак президенти европалык ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, соода, экономика жана инвестиция тармактарында Астана үчүн Европа өлкөлөрү менен өнөктөш болуу маанилүү экенин билдиргени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий