• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Назарбаев ЕАЭБ кирген өлкөлөргө биргелешип учак чыгарууну сунуштады

Коом 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Нурсултан Назарбаев Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдү биргелешип учак чыгарган компанияны негиздөөнү сунуштады. Бул тууралуу Казакстандын тунгуч президенти Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында билдиргенин Tengrinews.kz жазды.

"Бизге уюмга кирген бардык өлкөлөрдү бириктирүүчү долбоор керек, мисалы катары, Европа Биримдигиндеги Airbus концерни", – деди Назарбаев.

"Бизди уюмда Россия негизги орунду ээлейт – өндүрүш жаатында дагы, техникалык потенциал жагынан дагы. Бирок ошол эле Airbus Европанын бир катар өлкөлөрүндө жасалып, чогулат. Бул долбоорго көп өлкө тартылган, жумуш орундары түзүлгөн, баары пайда көрөт. Биз дагы ошондой долбоор түзүү жөнүндө ойлонуп көрсөк эмне болот?", - деди ал.

Назарбаев бул багытта жол картасын түзүүнү сунуштады. Анын пикиринде, бизге ички каттамдарда, жакын аралыктарга уча турган учактар, айыл чарба үчүн учактар жетишпейт. Биз аларды өндүрө алабыз, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий