• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Назарбаев ЭКСПО-2017 көргөзмөсүн жогору баалады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. «ЭКСПО-2017» жакшы экономикалык, саясий жана илимий-техникалык натыйжа берди. Бул тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 11-сентябрда көргөзмөнүн жабылуу салтанатында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, ЭКСПО көргөзмөсүн өткөрүү — өлкөнүн «жашыл технологияларды» өнүктүрүү идеясын жактай турганын дагы бир жолу көрсөттү.

Назарбаев көргөзмөнүн аякташы — бир канча ири масштабдагы жаңы долбоорлорду, анын ичинде «Астана» деп аталган Эл аралык каржы борборун ишке берүүнүн башталышы болуп каларын белгиледи. ЭКСПО-2017 көргөзмөсү салтанаттуу түрдө 10-июнда ачылган. Казакстанда көргөзмөгө даярдык көрүү жараяны ири коррупциялык жаңжалдар жана кылмыш иштери менен коштолгон.

Пикир

Оставить комментарий