• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Назарбаев казак алфавитинин латын арибиндеги жаңы вариантын бекитти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. 19-февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Казак тилинин алфавитин кирилицадан латын арибине өткөрүү тууралуу» жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду.

Документ жарыялангандан тарта күчүнө кирет.

Сунушталган латын графикасынын жаңы версиясында казак тилинин айрым өзгөчө тыбыштары үчүн тамгалардын үстүнө жазылуучу диакритикалык белгилер колдонулат.

Буга чейин президент тарабынан жактырылган вариантта өзгөчө тыбыштар үчүн апострофторду колдонуу сунушталган. Ал вариант бекитилгенден кийин Назарбаев өкмөткө атайын улуттук комиссия түзүүнү жана 2025-жылга чейин этап-этап менен казак тилин латын арибине өткөрүү тапшырмасын берген. Андан тышкары өлкөдө апотрофтор колдонулган арипте китептер басылып чыгарылып, айрым мамлекеттик мекемелердеги расмий жазуулар алмаштырылган.

Апострофторду колдонуу вариантына чейин Казакстанда диграфтар колдонулган алфавит сунушталган. Бирок бул эки вариант тең коомчулуктун жана айрым филологдордун сынына кабылган.

Пикир

Оставить комментарий