• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Назарбаев Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Саясат 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Казакстан жана Кыргызстандын ортосундагы казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу akorda.kz. сайты кабарлады.

Келишимге 2017-жылы 25-декабрда Астана шаарында Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга болгон сапарынын алкагында мамлекет башчылары тарабынан кол коюлган.

Келишимдин башкы максаты – Казакстан менен Кыргызстандагы чек аранын сызыктарын эл аралык укуктук деңгээлде бекитүү. Чек араны демаркациялоонун жыйынтыгында мамлекеттик чек аранын узундугу 1257,07 чакырымды түзөт. Чек аранын сызыгында 1 миң 055 чек ара түркүгү орнотулган.

Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов бул келишим мөөнөтсүз жана денонсациялоого болбойт экендигин билдирген. Келишимдин күчүнө кириши Казакстандын чек арасын эл аралык укуктук каттоонун процессин жыйынтыктоону камсыздайт, Кыргызстан менен болгон аймактык талаштарды жок кылат.

Пикир

Оставить комментарий