• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Назарбаев Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Казакстан элинин жана өзүмдүн атыман Сизди жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эгемендүүлүк жылдары Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, элдин жашоосун жакшыртуу, эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатуу жолунда зор ийгиликтерге жетишти. Бул багытта Кыргызстандын мындан ары интенсивдүү өнүгүшүнө жана Сиздин жетекчилигиңиздин алдында жакшы ой-максаттарга жетүүңүздөргө тилектешпиз.

Биздин өлкөнүн элдеринин ортосундагы көп кылымдык салттуу достукка жана тыгыз кызматташууга негизделген мамилелер мындан ары бекемделип, улана берет деп ишенем”, - деп белгиленет Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо телеграммасында.

Президент Нурсултан Назарбаев Президент Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бардык демилгелерине ийгилик, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий