• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Назарбаев Кыргызстан элин жана Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Өз Эгемендиги менен коопсуздугун бекемдөө, саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр жолунда Кыргызстан алдыга ишенимдүү бара жатат. Сиздин жетекчилигиңиз астында өлкөңүз өнүккөн жана өркүндөгөн мамлекетке айланып, мындан да чоң жетишкендиктерге жетет деп ишенем.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш ак ниет коңшулуктун, достуктун жана өз ара пайдалуу мамиленин ачык үлгүсү болуп эсептелет. Эки мамлекеттин кызматташтыгы ар тараптуу өнөктөштүктүн негизинде өркүндөп, өнүгүүнүн принципиалдуу жаңы деңгээлине чыгарына ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине биримдик жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий