• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Назарбаев Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 30.12.17 /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Жаңы 2018-жыл менен куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгилик, ал эми Кыргызстан элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп айтылат Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий