• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Назарбаев Президент Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу ппрезиденттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

«Аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын өлбөс эрдиги өзүнүн маанисин эч качан жоготпой турган ыйык мүнөзгө ээ. Бул жаркын майрамда чачын ак баскан ардагерлерибиздин алдында башыбызды төмөн ийип таазим кылабыз. Кандуу майдан талааларында Мекен үчүн каармандык менен жан берген жоокерлерди сыймык менен эскеребиз. Эмгек майданында жан үрөп иштеген тылдын эмгекчилерине да сый-урматыбызды көрсөтөбүз.

Улуу Жеңиш күнү Кыргызстан менен Казакстандын өткөнү менен учурун байланыштырган биздин элдердин ортосундагы достуктун эң бир жаркын символдорунун бири болуп саналат. Бүтүндөй адамзаттын тынч жашоосу үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун бардык азап-тозогунун өтүп, фашизмди жеңген чыныгы каармандардын элесин келечекте да жүрөгүбүздө түбөлүккө сактап каларыбызга терең ишенем», — деп айтылат телеграммада.

Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын согуш жана эмгек ардагерлерине Жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирүү менен эң жакшы каалоо-тилектерин жана жылуу сөздөрүн арнады, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өсүүнү тиледи

Пикир

Оставить комментарий