• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Назарбаев президенттин ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу норманы чечмелеп берүүнү өтүндү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 4-январда өлкөнүн Конституциялык кеңешине кайрылып, Конституциядагы президенттин ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу норманы расмий чечмелеп берүүнү өтүндү.

Мамлекет башчы түшүндүрүп берүүнү өтүнгөн 42-берененин 3-бөлүгүндө төмөндөгүдөй деп жазылган: «Өлкө президентинин ыйгарым укуктары жаңы шайланган президент кызматка киришкенде, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда четтетилгенде же каза болгондо токтотулат. Кызмат ордунан четтетилгендерден башка бардык мурдагы президенттер Казакстан республикасынын экс-президенти наамына ээ болот».

Мыйзамга ылайык, Конституциялык кеңеш кайрылуу келип түшкөндөн кийин үч айдын ичинде чечим чыгарат. Бирок эгер маселени кийинкиге калтырууга мүмкүн эмес болсо, президенттин талабы менен бул мөөнөт он күнгө чейин кыскартылышы мүмкүн.

Былтыр Назарбаев 2020-жылга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу берилген суроого так жооп берген эмес. Анда ал шайлоого чейин убакыт бар экенин, чечим кабыл алгандан кийин маалымат бере турганын айткан.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды дээрлик 30 жылдан бери башкарып келет. Ал бийликке СССР тарай электе эле келген. 2015-жылы апрелдеги президенттик шайлоодо ал расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын 97 пайызынын добушун алып, бешинчи мөөнөткө шайланган.

Пикир

Оставить комментарий