• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Назарбаев, Си Цзиньпин жана Түркиянын президенти Нооруз майрамына карата Кыргызстанга куттуктоо жолдоду

Президент 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосу: «Жаркыраган Нооруз майрамына байланыштуу менин чын ниеттеги куттуктоомду кабыл алыңыз. Ынтымак менен бакубатчылыктын белгиси болгон Нооруз эки боордош элге ийгиликтер менен жетишкендиктерди алып келсин. Эки тарапка тең пайдалуу болгон кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер мындан ары эки жана көп тараптуу форматтарда да өнүгөрүнө ишенем».

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчиликтүү кызматына ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык менен өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоосу: «Өткөн 2019-жыл кыргыз-кытай мамилелери үчүн жемиштүү жыл болуп калды. Биз Сиздер менен эки ирет жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү боюнча маселелердин кеңири чөйрөсү жана "Бир алкак — бир жол" демилгесин биргелешип ишке ашыруу боюнча келишимдерге жетиштик. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытай коронавирустун жаңы тибинен улам чыккан пневмония эпидемиясы менен күрөшүүдө кыргыз-кытай мамилесинин жогорку деңгээлин күбөлөндүргөн тыгыз координацияны карманып, бири-бирин бекем колдоого алууда. Мен муну жогору баалайм».

Си Цзиньпин эки өлкө элдеринин жыргалчылыгына жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кыргыз-кытай мамилелерин жаңы деңгээлге үзгүлтүксүз алып чыгууда биргеликте күч-аракеттерди көрүүгө даярдыгын билдирген.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоо сөзү: «Жазды сүйүнчүлөгөн, боордоштук, тынчтык, бакубатчылык жана тилектештиктин символу болуп, кылымдарга созулган ортоктош салтыбыз — Нооруз майрамына байланыштуу Сизди жана боордош кыргыз элин түрк элинин жана жеке өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктайм.

Ноорузду Балкандардан Жакынкы Чыгышка, Анадолудан Борбордук Азияга чейин созулган кеңири бир чөлкөмдө шаңдуу түрдө майрамдап келебиз. Нооруздун шарапаты менен тынчтык, сүйүү жана боордоштук тилектерибизди бүткүл дүйнөгө таркатабыз.

Нооруз майрамы биздин өлкөлөрүбүзгө жана аймагыбызга гана эмес, бүткүл адамзатына, бакубаттуулук жана тынчтык алып келишин чын дилимден каалайм.

Учурдан пайдаланып, Сизге ден соолук, бакыт жана ийгилик, ал эми дос жана боордош кыргыз калкына бакубат жашоо жана амандык тилеймин».

Пикир

Оставить комментарий