• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Назарбаев ысымын объектилерге берүүгө каршы

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев "Россия 24" телеканалына берген маегинде кайсы бир объектини анын урматына атоону жактырбай турганын билдирди.

Буга чейин казак парламенти борбор калааны Назарбаевдин урматына атоону сунуштаган. Бирок президент бул демилгени колдогон эмес. Кийинчерээк өкмөт Астанадагы эл аралык аэропортко расмий түрдө Нурсултан деген ысым ыйгарган. Адатта, өлкөнүн белгилүү инсандарынын ысымы аэропорторго алар өлгөндөн кийин берилет, бирок Назарбаев үчүн өзгөчө эреже киргизилди.

Анын алдында Назарбаевдин бир нече айкели тургузулган жана Казакстандагы эң ири акчага анын сүрөтү түшүрүлгөн.

“Мен Римдин улуу императору жана философу Марк Аврелиянын сөзүн дайым эстейм. Ал эмне үчүн сенин эстелигиң жок деген суроого: бул кимдин айкели деп сурашууну каалабайм. Андан көрө ага эмне үчүн алигиче эстелик тургузула элек деп айтышсын деген”,-деди Назарбаев. Анын айтымында, ысым ыйгаруу – болочок муундун маселеси.

Нурсултан Назарбаев 1991-жылдан бери президент. Ага мыйзамдуу түрдө “улут лидери” деген наам ыйгарылган. Бүгүн Назарбаевдин туулган күнү, президент 77 жашка чыкты.

Пикир

Оставить комментарий