• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Назарбаев жалган маалыматтар, кызы интернет троллдор жөнүндө айтты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Алматыда өткөн Евразиялык медиафорумдун катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда социалдык түйүндөр жана жалган маалыматтар тууралуу айтты. Кайрылууну өлкөнүн Маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаев окуп берди.

Назарбаев анда классикалык журналистика үчүн «аудитория көз карандысыз блогерлер жана социалдык түйүндөргө көбүрөөк артыкчылык берген» азыркы учур олуттуу чакырык болуп жатканын белгилеген. Президент ошондой эле салттуу маалымат каражаттардын атаандаштыкка туруштук берген артыкчылыгы дайыма профессионализмге жана контенттин сапатына негизделе турганын билдирди.

«Такталган маалыматтар жана фейк жаңылыктарды текшерүү гана аудиторияны өзүнө тартып, объективдүү маалымат булагы катары ММКнын абройун көтөрө алат. Бул үчүн маалыматка жетүүнүн ачык каналдарын өнүктүрүү жана тынымсыз диалог жүргүзүү маанилүү», — деп жазылган Назарбаевдин кайрылуусунда.

Казак президенти акыркы жумаларда маалымат каражаттарынын иши тууралуу бир нече жолу айтты. 28-апрелде Астанада өткөн Казакстан элдеринин ассамблеясынын сессиясында «кемчиликтерди ашкерелөөгө» даяр адамдар тууралуу айткан. Өткөн жумада Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушканда Назарбаев МККлар окуяларды «апыртпай чагылдырышы керектигин» белгилеген.

Казакстан президентинин кызы, Евразиялык медиафорумдун уюштуруу комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева интернет менен технологиялардын өнүгүшү тууралуу айтып, «интернет-троллдор» тууралуу сөз кылды.

«Интернетке кирүү мүмкүндүгүнүн жеңилдеши — өзүн көрсөтүүнү каалаган таланттуу адамдарга гана эмес, бардык деңгээлдеги митаам, кылмышкер жана пропагандачылар үчүн дагы чоң аянтча түзүп берди. Баарынан да маалыматтык согуштардын көзгө көрүнбөгөн жоочулары эсептелген троллдор, ошондой эле жалган маалыматтарды чыгаргандар чыныгы балээге айланды», — деди Назарбаева.

Пикир

Оставить комментарий