• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Назарбаев жаштарды чет тилдерди, айрыкча кытай тилин үйрөнүүгө чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жаштарды чет тилдерди, айрыкча кытай тилин үйрөнүүгө чакырды. Бул тууралуу ал “Назарбаев интелектуалдык мектептер” түйүнүнүн 10 жылдык мааракесине арналган “Улуу талаа мураскерлери” форумунда билдирди.

“Быйыл "Назарбаев интеллектуалдык мектептеринде" окугандар экинчи чет тилди өз тандоолору боюнча үйрөнүп башташты. Дүйнөлөшүү доорунда чет тил билүү зарыл болуп турат. Дүйнөдө эң эле кеңири таралган англис, экинчиси испан тили болуп эсептелет, бирок биз үчүн кытай тили маанилүү”, - деп билдирди Казакстан президенти.

Назарбаевдин пикиринде, Казакстанда жалпы тышкы соода жүгүртүү көлөмүнүн 20% Кытай, 22% Орусия, 30% Евробиримдикке туура келет.

“Жапонияда да, Кытайда да бизнес англис тилинде сүйлөйт. Бирок бир жарым миллиард калкы менен кытай тили басымдуулук кыларын көрсөтүп жатат. Мен үйрөнүп көргөн эмесмин, бирок башкаларга салыштырмалуу казактар үчүн жеңил деп айтышат”, - деди Назарбаев.

Пикир

Оставить комментарий