• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Назарбаев Жээнбековду жана Кыргызстандын жарандарын Жеңиш күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Казакcтан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын бардык жарандарын куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Ушул күнү биз Улуу Ата Мекендик согуштун айыгышкан уруш талааларында жана эмгек майданында биздин эркиндигибизди жана азаттыгыбызды каармандык менен коргоп, биз үчүн жеңишти алып келгендерди эскеребиз.

Каардуу согуш жылдарында сыналган жана чыңдалган биздин өлкөлөрүбүздүн элдеринин достугун мындан ары карай бекемдөө кан төгүлгөн согушта курман болгондорго жана бүгүн арабызда жүргөн баатырларыбызга көрсөткөн сый-урматыбыз экендигине ишенем», - деп белгиленет телеграммада.

Казакcтан Президенти Нурсултан Назарбаев жеңишке кошкон салымы үчүн согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдирип, Президент Сооронбай Жээнбековго ден-соолук жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий