• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Назарбаевди ММК мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө вето коюуга үндөшүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Басма сөз эркиндигин коргоо боюнча «Адил сөз» уюму Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылып, парламент тарабынан жактырылган ММК тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө вето коюусун өтүнүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Уюмдун 21-декабрдагы билдирүүсүндө Казакстан парламентинин депутаттары ММК тууралуу мыйзамга сунушталган талаштуу өзгөртүүлөрдү жактыруу менен «коомдун пикирин жана сунуштарын көңүл сыртында калтырганы» жазылган.

Өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев сенаттын бүгүнкү пленардык жыйынында жалпысынан ММК өкүлдөрү министрлик тарабынан сунушталган бардык өзгөртүүлөрдү колдоп жатканын билдирди.

«Адил сөз» президентке вето коюу өтүнүчү менен кайрылуу — өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жараткан жана коомдун кызыкчылыгына жооп бербеген мыйзамдын күчүнө киришин токтотуу үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк экенин белгилеген. Мурдараак укук коргоочулар менен журналисттер мажилис тарабынан өткөн айда жактырылган өзгөртүүлөрдү четке кагуу өтүнүчү менен парламент сенатына кайрылуу жолдошкон.

«Жүздөгөн журналисттер менен жарандык активисттер кол койгон ачык катта биз бул мыйзамды четке кагууну өтүнөбүз. Анткени ал журналисттерди мыйзамда юридикалык мааниси аныкталбаган жеке жана үй-бүлөлүк маалыматтарды жарыялоого макулдук алууга милдеттендирүү менен коррупцияга каршы күрөшүүгө тоскоолдук кылат. Андан тышкары коом үчүн маанилүү маалыматтарды алууга тоскоол болот; негизсиз айыптоолордун алдында бардык ММКларды алсыз кыла турган пропаганданын жаңы түшүнүгүн киргизет; ММКларды көзөмөлдөө жана жазалоо органынын штаты менен ыйгарым укуктарын көбөйтөт», — деп жазылган «Адил сөздүн» билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий