Назарбаевдин демилгеси: Деңиздер аралык канал

Аналитика 0

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кайрадан дүйнөлүк ММК өкүлдөрүнүн көңүл чордонунда. Ал бугу айынын он төртүндө Сочиде өткөн ЕАЭБ саммитинде Кара жана Каспий деңиздердин арасында кеме жол каналын курууну сунуштаган. Бул ой жаңы эмес. Назараев белгилеп өткөндөй: “Бул демилге падышанын мезгилинде көтөрүлгөн”. Казакстан Президенти менен өткөн кылымдагы орус падышаларын тилектештиги эмнеде? Анын жобу өтө жөнөкөй. Ар кайсы мамлекеттердин геосаясий жана экономикалык дооматтарын эч ким четке кага элек. Дал бүгүнкү заманбап жана оор саясий кырдаалдарда бул суроолордун төркүнүн түшүнү үчүн анын тарыхы менен танышууну сунуштайм.

Мындай ири демилгени, канал курууну ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Нурсултан Назарбаев 11 жыл мурда, 2007-жылы көтөргөн. Ушул эле учурда Россиянын Президенти Владимир Путин да Орусиянын аймагындагы суу жолдорун кеңейтүү боюнча кеп кылган. Сунуш катары Волга-Дон каналын берген. Бирок Назарбаев сунуштаган жол, орусиялыктар сунуштаган каналдан 1000 чакырымга кыска. Ошол эле учурда Евразия каналы орусиялыктардыкына караганда көбүрөөк жүк жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жылына 45 млн тонна жүк. Жолдун артыкчылыгы жолдун узун-жакындыгында эмес. Бирок бул да ишкердикте зор ролду ойнойт. Чоң саясат аралашканда, экономика суроолору мааниге ээ болбой калат. Бирок 2018-жылы Орусия 11 жыл мурдагыдай болбой калды. Бул пикир менен дүйнөлүк серепчилер да макул болушууда. Азыркы тапта Назарбавдин демилгесинин мезгили келди көрүнөт.

Казакстан президенти- зор көрөгөч. Себеби ал бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүнү 1994-жылы эле сунуштаган. 24 жыл өткөндөн кийин ЕАЭБ менен Иран келишим түзүүдө. Өнөктөштүк боюнча Кырызста кол коюуда. Ал эми экономикалык биримдикке кирүүгө Молдовия, Өзбекстан жана Тажикстан өз кызыкчылыктарын көрсөтүүдө. 2018-жылдын январь-февраль айларында ЕАЭБ ичиндеги товар жүгүртүүнүн көлөмү 8,6 млрд долларга чейин көтөрүлгөн. Бул 2017-жылдын, ушул мезгилдеги көрсөткүчүнө караганда 14,4 пайызга көп.

Назарбаев көтөрүп жаткан эски-жаңы демилгеси жалпы ЕАЭБ өлкөлөрүн өнүктүрүүдөгү жаңы түрткү катары кабыл алсак болот. ЕАЭБ инфраструктурасы Азия жана Европа, Чыгыш жана Азия, Тынч жана Атлантикалык океандарын бириктирген мыкты көпүрө болушу керек. Албетте бул долбоор Казакстан үчүн өтө зарыл. Азыркы тапта Казакстандан жеткирилип жаткан көмүртек жана 70% казакстандык чийки зат Орусия аркылуу өтөт. Жаңы трнаспорттук жол убакытты жана чыгымдарды алгылыктуу азайтат. Салыштырып көрсөңүздөр. Бүгүнкү күндө Казакстан мунайды Кара деңизге жеткирүү үчүн, КТК түтүктөрү аркылуу Каспийдик түтүктүк консорциум танкерлерине жеткирүү зарыл.

Казакстандык ММКнын эсептөөсү боюнча, эгер жаңы канал ишке кире турган болсо, ал 8-10 миң тонна жүк көтөрүүгө жөндөмдүү кемелерди кабыл ала алат. Жеке Казакстан үчүн эле эмес, жалпы Каспий жээгиндеги мамлекеттер үчүн жемиштүү болот. Бул курулуш тектеш тармактарга да алгылыктуу экономикалык түрткү берет. Мисалы, курулуш, кеме куруу багыттары боюнча жуздөгөн адамдар жумуш менен камсыз болот. Бул жаңы евразиялык деңиз жолу бардык Борбор Азия мамлекеттер үчүн Орусия аркылуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Албетте өз бөлүктөрүндөгү жол кесиндилери үчүн төлөм алат. Ошондуктан бул мамлекетке сунушталган демилге экономикалык да, саясий да мүнөздү камтыйт. Бул ой менен орусиялык серепчилер да макул болушууда. Бул жол ЕАЭБ имиджине жана Москвага зор таасирин тийгизет.

Белгилүү орусиялык саясатчы Сергей Марков: “Бул каналдын курулушунун башталышы – ЕАЭБди кайра жандандырууга багытталган аракет”-деп жазат.

Азыркы тапта АКШ, Кытай жана ЕБ чыныгы иштеп жаткан, атаандаш экономикалык биримдикти көргүсү келбейт. Дал ушундай транзиттик көз карандысыз түз жолду курууну башка да мамлекетер караштырып жатышат. Мисалы, бир ай мурда КЭР лидери Си Цзиньпинь жана Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси кытайдын Хайнанында Кытай-Пакистандык коридорду салуу боюнча сүйлөшүшкөн. Бул 46 млрд долларлык инфраструктуралык долбоор өзүнө кеңири тилкелик автоунаа жана темир жолдорун камтыйт. Эгер азыр Казакстан тарап эффективдүү альтернативаны сунуштабаса, кытайлык жүктөр башка жол аркылуу, ЕАЭБ мамлекеттерин айланып өтүп калат. Бул нерсени миллиондук жоготуу катары бааласа болот.

Сочидеги саммитте Нурсултан Назарбаев жөн жерде жогорку ыламдыктуу автомагистралын курууну сунуштаган жок. Себеби “Евразия” унаа жолу Европа менен Азияны Орусия жана Казакстан аркылуу бириктирмек. Демек Астана сунуштаган демилге кытайлык өндүрүштөрдү экспорттой турган жаңы жол. Азыр кытайлык товарлар европага 2 айда жетет. Ал эми, жаңы жол аркылуу бул көрсөткүч 10 күнгө чейин кыскарат. Серепчилердин эсептөөлөрү боюнча бул жол өзүн он жылдын ичинде актайт. Мындай ири долбоор үчүн бул жакшы көрсөткүч. 11 жыл мурда аналитиктер, серепчилер жана саясатчылар Назарбаевдин демилгесин изилдешкенде, бул канал каспий боюндагы мамлекеттердин геосаясий түзүлүшүн өзгөртүп, аларды деңизге чыгуу жөндөмдүү мамлекеттердин катарына кошорун белгилешкен. Бул нерсеге азыркы тапта мамлекеттик бюджеттен коротулуп жаткан каржы жана алгылыктуу иш аракеттер далил боло алат.

Эгер эми көйгөй пайда боло турган болсо, бир гана экология жаатында болот. Албетте бул көйгөдү чечүүгө, экологиялык тең салмактуулукту сактоого жана өз өлкөсүндөгү микроклиматты жакшыртууга каспий боюндагы мамлекеттер, башка өлкөлөрдөй эле кызыктар.

Атайын “Кабар” үчүн Шавкат Исмаилов

Пикир

Оставить комментарий