• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Назарбаевдин кичүү кызы мамлекеттик сыйлыкка ээ болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. “Апага алпара турган жол” кинодрамасынын продюсери, Казакстан президентинин кенже кызы Алия Назарбаева мамлекеттик сыйлыкка татыды.

Адабият жана өнөр тармагында эмгектенгендерге мамлекеттик сыйлык ыйгаруу боюнча жарлыкка Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон. 2018-жылдагы сыйлык ээлеринин ысымы Акордонун сайтында жарыяланды. Алардын арасына кинодраманын сценарийинин автору Тимур Жаксылыков, актриса Алтынай Ногербек жана актер Адил Ахметов да бар.

Тасма Казакстанда, Беларуста жана Азербайжанда тартылган.

Фильмде көп жылдардан бери көрүшө элек эне менен баланын кайра бирге болууга умтулуусу негизги орунда турат. Окуя коллективдештирүү, жут, сталиндик репрессиялар, Экинчи дүйнөлүк согуш, тылдагы жана сталиндик лагерлердеги оор турмуш өңдүү белгилүү тарыхый окуялардын фонунда болот.

2017-жылы сентябрда америкалык Holywood Reporter журналында “Оскарлар: Казакстан “Апага алпарчу жол” тасмасын чет тилдер категориясында көрсөттү” деген макала чыккан.

Пикир

Оставить комментарий