• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Назарбаевдин небереси: маңзат колдонуудан баш тартуума таятам жардам берген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев Фейсбуктагы баракчасына кантип маңзатка берилип кеткендигин жана андан баш тартуусуна таятасы жардам бергенин жазды.

"Кудайга шүгүр, мен таятама чындыкты айтып туура кадам жасадым. Балким мындай учурда башка президент болгондо көйгөйдү жашырып, андан четтөөгө аракет кылмактыр. Бирок Нурсултан Назарбаев эмес. Ал биринчи эле мындай деди: «Чындыкты айтканың үчүн азаматсың. Сага абдан оор болуп жатат, бирок сен бул нерсеге кабылган алгачкы дагы, акыркы дагы адам эмессиң. Аны жеңүүгө сенин күчүң жетет», – деп жазды Айсултан Назарбаев.

Айтымында, маңзатына ал чоң атасы, академик Мухтар Алиевдин жана атасы Рахат Алиевдин Австрия абагындагы өлүмүнөн кийин берилип кеткен.

"Жашоо мага биринчи жолу эки ирет кыйратуучу сокку урду. Эң бактылуу деп айтып жүрүшкөн Айсултан жер шарындагы эң бактысыз адамга айланды. Андай учурларда жаныңды жеген ооруну сезбеш үчүн, дароо колуңдан, бутуңдан ажыроого даяр болуп кетесиң. Мен үчүн өзүм менен болгон бул күрөш абдан оор келди. Чыныгы ички жихад болду. Бактыга жараша, жарык дайыма караңгылыкты жеңет экен", – деп жазды казак президентинин небереси.

Айсултан Назарбаев Дарига Назарбаева менен Рахат Алиевдин уулу, 1990-жылы жайында туулган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий