• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Назаров: Кыргызстанда энергетикалык объекттерди модернизациялоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. "Улуттук энергетикалык холдинг" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров "Гидроэнергетика. Борбор Азия жана Каспий 2020" IV эл аралык конгресс жана көргөзмөсү катышып, сөз сүйлөдү.

"Учурда дүйнөдө энергетика тармагынын орду улам артып жатат. Айрыкча XXI кылымда өнөр жай өндүрүшү артып, санариптештирүү жүрүүдө, мобилдик байланыш, Интернет өнүгүүдө. Мунун баарына электр энергиясыз жетүүгө болбойт", - деди ал.

Аны менен бирге ал, гидроэнергетика тармагы Кыргызстан үчүн стратегиялык тармак экенин, экономиканын жана өлкөнүн экспорттук потенциалынын негизи экенин айтып өттү. "Өлкөдө энергетика объекттерин модернизациялоо жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу, ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - деди ал.

"Гидроэнергетика. Борбор Азия жана Каспий 2020" IV эл аралык конгресс жана көргөзмөсү бүгүн Бишкекте ишин баштады. Бул иш-чара аймактагы (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Иран, Армения, Грузия жана Россия) ГЭСтерди куруу, модернизациялоо долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бийлик жана бизнес өкүлдөрү ортосунда диалог куруу, тажрыйба алмашуу, чечимдерди табуу ж.б. үчүн аянтча болуп берет.

Пикир

Оставить комментарий