• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Назаров: Жакын арада Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун курулушу башталышы мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Балким, жакын арада КР өкмөтү Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун курулушунун башталышы тууралуу билдирет. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров "Гидроэнергетика. Борбор Азия жана Каспий 2020" IV эл аралык конгресс жана көргөзмөсүнүн алкагындагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ишке ашырылууга даяр Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору бар. Ал келечектүү энергетикалык долбоор болуп эсептелет.

"Биз бир нече инвестор жана каржы уюмдары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Жакын арада бул долбоордун башталышы тууралуу билдиребиз деп ойлойм. Бул долбоорго улуттук макамын берүүнү көздөп жатабыз. Бул тууралуу расмий билдирүүнү өкмөт жасайт", - деди ал.

Бул долбоорго Өзбекстан катышабы дене суроого, Назаров Өзбекстан менен биргелешип ГЭС куруу боюнча меморандум бар экенин айтты.

"Өзбек тарап менен сүйлөшүү болот. Андан тышкары казак тарап менен да сүйлөшүү жүргүзүүнү карап жатабыз. Эгер алар макул болсо долбоорду биргелешип ишке ашырабыз", - деди ал.

Ал белгилегендей, долбоорду өз күчтөрү менен баштоо пландалып жатат. Тиешелүү инфраструктура түзүлгөндөн кийин долбоорго өнөктөштөр кошулат.

Пикир

Оставить комментарий