• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Назгүл Акунова: Менин ырларымды уккан адам кайдыгер калбайт

Маданият 0

Кыргызстанда тагдырдын татаал жазмышына моюун бербей, балдарына тарбия берип, аларды камсыздап, ошол эле учурда иштеп дагы жетишкен айымдар көп. Мындай тагдырга туш болгонуна карабай, балдарынын камын көрүп, аларга ата дагы, эне дагы болгон, иштеп, ырдап дагы жетишкен ошол эле учурда алып баруучулук кесипти аркалаган, ар тараптуу Назгүл Акунова менен маек курдук.

- Саламатсызбы? Назгүл ырчылык сиз үчүн хоббиби же кесиппи?

-Ырчылык менин жан дүйнөм. Ырчылык ыраматылык апамдан калган мурас. Ырчылык кудайымдын мага берген энчиси. Ансыз да көп жылдар маани бербей келген экенмин. Уккан адам кайдыгер калбай, ырдап чыгуум керек экендигин айта беришчү. Бирок мен эмнегедир баалачу эмес экенмин. Баардык нерсенин өз убактысы бар деп коет эмеспи. Балким убактым эми келгендир, эми бышып жетилгендирмин. Дегеним өзүнөн өзү акырындан кыймылга келип себептен себеп болуп, жакшы адамдардын колдоосу, түрткүсү менен улам ырлар жазыла баштады.

- Чыгармачылык чоң түйшүк дешет, бирок бир ыр менен байыгандар да жок эмес. Буга кандай карайсыз?

- Чыгармачылыкка аралаша баштаган адам катары айта турган болсом чынында да түйшүктүү. Жазган ырың эле хит боло берсе кана. Канчалаган түйшүк, толгонуу менен жаздырган бирок элге жетпей жаткандар миңдеп саналат эмеспи. Бул да болсо кара кыздын агынан эмес, багынан дегендей, кудайдын буйругу экен. Багы бар ыр, ырчынын да багын ачып коет. Бир күнү болбосо бир күнү чыныгы талантың болсо, үзүрлүү эмгектене берсең эмгектин акыбети кайтат. Эр эмгегин жер жебейт дегендей бир жерде көп эмгек жумшасаң, эртели кеч мөмөсүн берет.

- Азыркы учурда эмне менен алексиз?

- Гүлшайыр Садыбакасова эжебиздин обонуна таандык "Ак кайың" аттуу эски ырга жаңы өмүр бергенге аракет кылдык. Бала кезде созуп ырдап калчу элек, азыр бир аз темп кошуп көрдүк. Жаман эмес, окшоштура алдык окшойт. Эженин да ыраазычылыгын уктум. Бул да болсо чыгармачыл адам үчүн дем-күч. Анан ошол ырга клип тарттырдык.

- Угушумча клипте өзүңүздүн тагдырыңыз чагылдырылган экен...

- Туура клип тартылды. Учурдан пайдаланып клипти тарткан чыгармачылык топко ыраазычылык билдире кетейин. Периштелер жерде жашайт демекчи, клипти тартууда Кыргызстанга белгилүү дермотолог-косметолог Айнура Сагынбаева эжекем демөөрчүлүк кылды. Бир туугандай катыштыгыбыз бар эжекем клиптин идеясын айтканда эле мага жакты. Чындыгында эле клиптин өзөгү жашоомдон алынган. Анда, оор турмушка туш болуп, кагылып, согулуп үй-бүлөм деген айымдардын, алардын түгөйлөрүнүн чыккынчылыгы, өз канынан жаралган балдарын таштап, башка бирөөдөн бакыт издегендер тууралуу сүрөттөлгөн. Ошол эле учурда, тагдырдын оор сыноосуна сынбай, чөкпөй, эки чылбыр бир тизгинди колго алып, жашоосун уланткан Кыргызстандагы күчтүү айымдар жөнүндө айткыбыз келди. Аларга сен дагы татыктуу жашоого укуктуусуң дегибиз келди.

- Чыгармачылык жаатта түзгөн пландарыңыз...

- Мен аткаруучумун. Эми учкашкан соң түшө качпа дейт эмеспи. Чыгармачылык чөйрөнүн даамын эми сезип, учу-кыйрын эми таанып баратам. Мүмкүнчүлүктөрүмө ишенем. Ошону үчүн жакшы обончулардын, мыкты чыгармаларын алып ийине жеткире аткарып угармандардын купулуна толуу үчүн талбай эмгектенүү менин алдыңкы пландарым.

- Азыр театрда да иштеп жаткан экенсиз, актриса болуу кыялдарыңыз барбы?

- Театрда дагы чыгармачыл адамдар иштейт. Актриса болбойм деп кесе айтпайм, себеби жашоодо көп нерсе өзгөрүп турат экен. Бул талантым да ойгонуп кетиши мүмкүн. Азырынча бул жаатта пландар деле жок. Бирок спектаклдерди көрүп, мыкты актерлор менен аралашып жүрүү да чоң бакыт.

- Аялзаты үчүн чыгармачылык менен аралашып жүрүү оор болсо керек?

- Оңой нерсе эч бир кесипте болбосо керек. Албетте чыгармачылык башка кесиптен айырмаланып турат. Себеби жан дүйнөңдү аңтарып-теңтерип чыгарыш керек, жаратуу керек бул да болсо чоң түйшүк. Бирок бир татыктуу нерсе жарата алсаң анын сыймыгы, анын сыйы бакытка бөлөйт. Ошону үчүн да чыгармачыл адамдар бир аз башкачараак болсок керек.

- Уулдарыңыз чыгармачылыкка жакынбы?

- Уулдарым 12-13 жашка келип калышты. Азырынча алардын чыгармачылыкка болгон кызыгуусун байкаган жокмун. Улуу уулум баардык ишке чыгармачылык менен киришет, бирок 1 тыйынды 2 кылганга жөндөмдүү. Бизнесмен болом деп калат. Кичүү уулум да өтө токтоо жигит, математика сабагынан күчтүү, өзүмдүн банкым болот деп калат. Билбейм эми кийин кандай болуп кетет. Аман болушсун. Өз жолдорун таап алышаар.

- Маегиңизге рахмат! Ийгилик каалайбыз!

Анархан Алтымышова, "Кабар"

Пикир

Оставить комментарий