• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Назира Дүйшеева Кыргыз билим берүү академиясынын президенти болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Назира Дүйшеева Кыргыз билим берүү академиясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Дүйшеева Назира Кубанычбековна 1972-жылы 29-ноябрда Фрунзе шаарында туулган.

Билими:

  • Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин “Башталгыч класстардын мугалими; улуттук башталгыч класстардын орус тили мугалими” квалификациясына ээ болуу менен аяктаган (1995);
  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын укук таануу адистиги боюнча аяктаган (2005).

Кесиптик эмгек ишмердүүлүгүнүн негизги этаптары:

  • 1995-ж. – К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Педагогика жана психология» кафедрасынын окутуучусу;
  • 1997-ж. – К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Педагогика жана психология» кафедрасынын ага окутуучусу;
  • 1998-2016-жж. – К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Педагогика жана психология» кафедрасынын башчысы;
  • 2003-2004-жж. – К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун тарых-педагогика факультетинин деканы, ошондой эле ички айкалыштыруу боюнча «Педагогика жана психология» кафедрасынын башчысы;
  • 2004-2005-жж. – К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле ички айкалыштыруу боюнча «Педагогика жана психология» кафедрасынын башчысы;
  • 2005-2010-жж. – «Педагогика жана психология» кафедрасынын башчысы;
  • 2010-ж. – К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун илим, инновациялар жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, ошондой эле ички айкалыштыруу боюнча «Педагогика жана психология» кафедрасынын башчысы;
  • 2010-2016-жж. – К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Педагогика жана психология» кафедрасынын башчысы;
  • 2016-2021-жж. – КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору.
  • 2021-жылдын 4-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз билим берүү академиясынын президенти.

Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы:

  • Педагогика илимдеринин доктору, профессор

Пикир

Оставить комментарий