• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР эл артисти Назира Мамбетова эл аралык уюмдун медалы жана акчалай сыйлыгына татыды

Маданият 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. КР эл артисти Назира Мамбетовага бүгүн, эл аралык Экономикалык кызматташтык уюмунун сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырып, ага маданият ишмерлери жана студенттер катышты.

Азамат Жаманкулов мындай эл аралык сыйлыктын КР эл артисти Назира Мамбетованын алышы жалпы маданият тармагы үчүн сыймык экендигин белгилеп, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Маалымат үчүн: Экономикалык кызматташтык уюму - 1985-жылы түзүлгөн жана Аймактык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун мураскери болуп саналат. ЭКУ 1977-жылдын мартында үч уюштуруучу өлкө - Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы жана Түркия Республикасы тарабынан кол коюлган Уставдын - Измир келишиминин негизинде иш алып барат.

Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынан "Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу" номинациясы боюнча бир катар өнөр адамдары сунушталып, анын арасынан Мамбетова Назира Исмаиловнанын талапкерлиги жактырылган.

«Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу» номинациясы боюнча КР эл артисти Мамбетова Назира Исмаиловна Экономикалык кызматташтык уюмунун медалы жана 5 миң доллар акчалай сыйлыгы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий