• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Негизги жана жетишсиз болгон 8 дары-дармек тандалып алынды - Шакирова

Ден соолук 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Негизги жана жетишсиз болгон 8 дары-дармек тандалып алынды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору Гүлмира Шакирова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавируска каршы колдонуучу дары каражаттардын тизмеси түзүлүүдө. Жаңы тизме 56 позициядан турат.

“Анын ичинен негизги жана жетишсиз болгон 8 дары тандалган. Алар клексан, фраксипарин, фленокс, гепарин, эниксум жана башкалар. Бул дарыларга суроо талап жогору бойдон калууда. 1-11-июлга чейин клексан дарысынан 420 таңгагы келди, фленокстун 1,5 миң таңгак, гепариндин 15 миң гаңгагы Кыргызстанга келген. Бардык дарылар келген учурда эле сатылып кеткен. 14-июлда 3,5 миң таңгак клексан дарысы келип, белгилүү бир дарыканаларга гана таратылган. Кечээ эниксумдун 460 таңгагы келди”, - дейт ал.

Шакирова 20-июлга чейин фраксипариндин 5 миңден ашык таңгагы, 1 миң таңгактан эноксапарин, клексан жана 15 миң таңгак гепарин келерин айтат.

Пикир

Оставить комментарий