• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Неймар Катарга каршы оюнда жаракат алганынан улам көзүнө жаш алды

Спорт 0


Бишкек, 06.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бразилиянын курама командасынын чабуулчусу Неймар Катардын командасы менен болгон жолдоштук беттеште жаракат алды. Жаракатынан улам чабуулчу көзүнө жаш алганын Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

21-мүнөтүндө Неймардын ордуна Эвертон Соарес талаага чыкты. Бразилиянын футбол жылдызынын жаракат алганына карабастан Катардын командасын 2:0 эсебинде утуп алышты.

15-июндан 7-июлга карата өткөрүлгөн Америка кубогуна "ПСЖнын" чабуулчусу катышаары белгисиз бойдон калууда.

Эскерте кетсек, 2018-19-жылкы футбол сезонунда Неймар 28 оюнга катышып, 23 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий