• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Неймар, Мбаппе: Дүйнөдө эң кымбат футболчулардын рейтинги жарыяланды

Спорт 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Дүйнөдө эң кымбат футболчулардын рейтинги жарыяланып, анын сап башынан бразилиялык футболчу Неймар орун алган.

Рейтингди түзгөн Football Benchmark порталынын маалыматы боюнча, оюнчу 229 млн. еврого бааланат.

Экинчи орунда аны менен "ПСЖ" клубунда бирге ойногон Килиан Мбаппе 215 миллиону менен турат. Үчүнчү орунду көп жылдан бери "Барселонада" ойногон Лионель Месси (203 млн. евро) алган.

Кийинки орундарда "Ливерпулдун" оюнчусу Мохаммед Салах (168 млн. евро) жана " Тоттенхэмдин" футболчусу Гарри Кейн (151 млн. евро) турушат.

Эң көп каражат төлөнгөн он футболчунун катарына көптөр жактырган Криштиану Роналду кирген эмес.

Пикир

Оставить комментарий