• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог - Акенеев Жумакадыр Асанкулович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын коомчулугу оор жоготууга учурады. 2018-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери Акенеев Жумакадыр Асанкулович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Акенеев Жумакадыр Асанкулович 1954-жылы 22-январда Ысык-Көл облусунун Улахол айылында туулган. 1976-жылы Фрунзе политехникалык институтунун инженердик-курулуш факультетин инженер-экономист адистиги боюнча бүтүргөн.

Ал эмгек жолун институтта окуп жүргөндө баштап, Фрунзе политехникалык институтунун комсомол комитетинин катчысы болуп шайланган. Кийин Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин капиталдык курулуш башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги, «Айылкурулушиндустрия» трестинин башкаруучусунун орун басары болуп дайындалган. 1983-1990-жылдары Айыл чарба экономикасы илимий-изилдөө институтунун бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1988-жылы экономика боюнча кандидаттык диссертациясын, ал эми 1998-жылы экономика илимдеринин докторлугун жактаган.

Жумакадыр Акенеевдин уюштуруучулук жана башкаруучулук таланты Кыргызстандын көз карандысыздыгы жылдары өзгөчө өстү. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформа боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, Улуттук статистика комитетинин төрагасы, айыл чарба жана суу чарба министри, курчап турган чөйрөнү коргоо министринин биринчи орун басары, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти кызматтарын аркалап, өлкөнүн экономикасын реформалоо жана мамлекеттик башкаруу боюнча маанилүү милдеттерди чечкен.

Акыркы жылдары Жумакадыр Акенеев окутуучу болуп иштеп, студенттерге башкаруу чөйрөсүндө өзүнүн топтогон бүткүл тажрыйбасын жана экономика чөйрөсүндөгү илимий билимин берген. Республиканын турмушундагы маанилүү көйгөйлөр боюнча эксперттик корутундулары менен ЖМКларда дайыма чыгып турган. Анын 186 илимий эмгеги жана басылмалары, анын ичинде 27 китеби жана монографиялары Кыргызстанда, Түркияда, Японияда, Түштүк Кореяда, Казакстанда жана Россияда басып чыгарылган.

Жумакадыр Акенеев жаштардын мыкты устаты болгон, 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгууга активдүү катышкан, Евразия экономикалык комиссиясынын илимий-эксперттик кеңешинин жыйналыштарына катышкан. Улуттук кызыкчылыктар, өлкөгө инвестицияларды тартуу, Кыргызстанда инвесторлордун укуктарын жана таламдарын коргоо маселелери боюнча өзгөчө көз карашын билдирип келген.

Жумакадыр Асанкулович активдүү турмуштук позициясы менен айырмаланып турчу. Ал «Кыргызстандын Россия жана Беларусь менен союзу үчүн» өкмөттүк эмес уюмду түзгөн жана көп жылдар бою аны жетектеген, «Комсомол» КБ төрагасы, Кыргызстанда студенттик отряддарды кайра жандандыруу боюнча демилгечи топтун мүчөсү болгон.

Жумакадыр Акенеев көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы медалы менен сыйланган, 1996-жылы ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти» ардак наамы ыйгарылган, 2017-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.

Көрүнүктүү инсан Жумакадыр Акенеевдин жаркын элеси биздин эсибизде, мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, А. С. Кодуранова, М. И. Бакиров, И. Ш. Омуркулов, Ж. К. Турускулов, А. Б. Баатырбеков, Б. Э. Торобаев, А. Т. Сулайманов, А. Н. Шыкмаматов, С. А. Айдаров, К. А. Боронов, Ж. П. Разаков, А.С. Өмүрбекова, З. М. Аскаров, Д. А. Эсеналиев, Н. М. Мурашев, О. М. Панкратов, Н. М. Ахметова, Т. Т. Стамалиева, А. Ш. Султанов, Ч. Эсенгул у., А. Ш. Осмоналиев, А. Э. Суракматов, К. Б. Шадыбеков, М. Д. Ш аршекеев, Т. Ж. Койчуманов, Ш. Адилбек у., М. Т. Керимкулов, А. М. Салымбеков, С. В. Пономарев, К. К. Рахимов, Э. Н. Боромбаева, Б. К. Бакетаев, М. С. Аденова, Г. Т. Ускенбаева, С. Т. Акматов, И. Д. Гелетюк, А.К. Сыдыков, Т. Н. Ажыкулов ж. б.

Пикир

Оставить комментарий