• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Некролог — Акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Гүлсайра Момунова дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты жана улуттук адабияты орду толгус жоготууга учурады. 2020-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Гүлсайра Момунова 83 жаш курагында каттуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Гүлсайра Момунова 1937-жылдын 30-декабрында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында туулган.

1955-жылы Талас шаарында орто мектепти аяктаган соң, В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтуна тапшырып, 1960-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. 1961-1969-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973-1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары болуп, үзүрлүү ардактуу эс алууга чыккан.

Гүлсайра Момунованын алгачкы ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык жыйнактардын, котормолордун автору болгон. Чыгармачылык жолунда кыргыз жана орус тилдеринде 20дан ашык китептери жарык көрүп, алардын көпчүлүгү ата мекенди сүйүү, жаратылышка болгон мамиле, махабат, өмүр темасына арналган. «Кут дүйнө», «Табаар белем», «Ак марал», «Жан дүйнө» аттуу ыр жыйнактары окурмандардын арзуусуна ээ болуп, бир нече театралдык көрсөтүүлөр даярдалып, элге кеңири белгилүү обондор жаралган. 1971-жылдан Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1996-жылы Түркияда өткөн Ата-Мекенди даңктоо ырларынын эл аралык сынагына катышып, «Боз үй» поэмасы менен «Куттуу апта» медалын жеңип алган.

Гүлсайра Момунованын маданият жана адабият тармагында кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы, 1987-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамы, 2004-жылы «Даңк» медалы, 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл акыны» наамы ыйгарылган.

Чыгаан акын, журналист жана котормочу Гүлсайра Момунова ѳзүнүн байсалдуу өмүр жолунда көөнөргүс мурастарды калтырды. Жаркын инсандын чыгармалары ар дайым мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө жашай берет.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, Г.Ү.Калиева, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, А. К. Жаманкулов, К. Б. Базарбаев, К. О. Иманалиев, Б.Жакиев, М. Т. Байжиев, М. Абылкасымова, К. Ж. Жусупов, Ө.Даникеев, О.Султанов, А.Өмүрканов, Ш. Дүйшеев, А.Рыскулов, А.Жакшылыков, М.Абакиров, Т.Мамеев, С. Жетимишев, М.Мамазаирова, Н.Алымбеков, М.Ааматов, К.Урманбетов, Н.Калыбеков ж. б.

Гүлсайра Момунова 13-августта Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий