• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог — Белгилүү котормочу, коомдук ишмер Аалы Молдоканов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Кыргыз эли, маданияты, кыргыз тили оор жоготууга учурады. 69 жаш курагында капилет келген оорунун айынан белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиясынын мүчөсү, СССР Журналисттер союзунун анык мүчөсү, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө зор салым кошкон коомдук ишмер Аалы Молдоканов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Аалы Молдоканов 1951-жылдын 20-сентябрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөндөн кийин 1977-1979-ж.ж. “Кыргызстан” басмасында корректор, кенже редактор болуп иштеп баштаган. 1979-1989-ж.ж. “КыргызТАГ” мекемесинде редактор, котормочу болуп иштеген. 1989-1991-ж.ж. Бишкек шаараткомунда мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. 1991-2000-ж.ж. КР Жогорку Кеңешинде котормо секторунун башчысы, 2000-жылдан ушул убакка чейин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы, бөлүм башчысы кызматтарын аркалап келген.

Аалы Молдоканов адамгерчилик ариети бийик жана таза, жупуну, чыныгы интеллигент, кыргыз касиеттерин өнө боюнда алып жүргөн адам болгон. Коомдук-саясий котормо жаатында көп жыл эмгектенип, мамлекеттик расмий документтерди кыргызчалоо иштеринин дээрлик баарына аралашкан. Ал тарбиялаган котормочулар, чыгармачыл жарандар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик жана коомдук мекеме-уюмдарда, айрым шакирттери жетекчилик кызматтарда талыкпай эмгектенишүүдө.

Аалы Молдоканов чыгаан котормочу, публицист жана акын-пародист катары белгилүү болчу. Ал учурдун күрөө тамырын кармаган аналитик катары өзүнүн ойлорун, кыргыздын улуттук баалуулуктары, дүйнө таанымына тиешелүү маселелери боюнча өз көз карашын мезгилдүү басылмаларга тынбай чагылдырып, өзүнө гана таандык стили, тилдик өзгөчөлүгү бар чебер журналист катары коомчулуктун көңүлүн бурган.

Аалы Молдоканов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, беттегенин бербеген көкжал, ошол эле учурда ар бир шакиртине атадай кам көргөн боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.

Н.Ишекеев, А.Жаманкулов, К.Иманалиев, Р.Момбеков, С.Раев, Ж.Үсөн уулу, Р.Курбанов, М.Шеримкулов, М.Байжиев, К.Исаев, Р.Рыскулов, Т.Ишемкулов, Т.Жумаев, А.Акматалиев, Т.Казаков, К.Абакиров, С.Садыкова, Ж.Өзүбекова, А.Рыскулов, С.Мусаев, Т.Досалиев, А.Ибраимов, Б.Иманалиев, Н.Калыбек уулу, М.Аким уулу, А.Жапанов, О.Шакир ж.б.

Пикир

Оставить комментарий