• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог - Белгилүү журналист, публицист Бейшенбек Бекешов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 28.12.20./Кабар/. Кыргыз маданияты жана журналистикасы оор жоготууга туш болду – 2020-жылдын 27-декабрында 62 жаш курагында белгилүү кыргыз журналисти, теле алып баруучу, публицист жана маданияттын эмгек сиңирген ишмери Бекешов Бейшенбек Асекович мезгилсиз дүйнө салды.

Бекешов Бейшенбек Асекович 1959-жылы 2-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айылында төрөлгөн.

1976-жылы Сары-Булак айылындагы Горький орто мектебин аяктаган соң, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырган. Мыкты окугандыгы үчүн Бейшенбек Асекович 1979-жылы Ломоносов атындагы Москва университетине которулуп, 1981-жылы журналист адистигине ээ болгон.

Ушул эле жылы Мамлекеттик басма сөз комитетине ишке орношуп, алгачкы эмгек жолун баштаган.

Андан соң 1986-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик энциклопедиясында илимий редактор, улук илимий редактор жана башкы редактор кызматтарында иштеген.

1988-жылы Бейшенбек Асекович Кыргыз Мамлекеттик телерадио компаниясынын адабий драмаларды берүү бөлүмүнүн редакторлук кызмат ордуна кабыл алынган.

Андан кийин улук редактор, баяндамачы жана башка редактордун милдетин аткаруучу болуп адабий драма жана социалдык-экономикалык программалар бөлүмүндө иштеген. 2005-жылы Кыргыз телерадиокорпорациясынын – вице-президенти, 2006-жылы башкы директордун орун басары кызматына дайындалган.

2009-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

Андан соң 2017-жылдан 2019-жылга чейин «New TV» телеканалында баяндамачы болуп эмгектенген.

Атамекендик телевидениеде иштеген жылдарында «Коломто», «Эл наркы», «Акыл заман» өңдүү көпчүлүк көрармандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон көрсөтүүлөрдү даярдаган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ишкердик менен алектенип, элге экологиялык жактан таза продукцияларды сунуштаган «Айыл азыгы» дүкөнүн ачкан.

Бейшенбек Бекешов улутубуздун баалуулуктарын даңазалап, жаштарга тарбия берүүдө зор эмгек сиңирген инсан катары өмүр сүрдү. Адамгерчилиги бийик, өз кесибинин мыкты адиси болгон чыгаан журналист Бейшенбек Бекешовдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

А.Э.Новиков, Э.Ж.Сурабалдиева, С.С.Касмамбетов, Б.А.Аманбаев, Н.К.Кадырбеков, Н.Анарбаев, Б.К.Рысалиев, К.О.Иманалиев, К.С.Молдокасымов, А.А.Алдашева, Т.К.Жаманбаева, Г.С.Базаров, Б.Ж.Сутенова, Б.Ж.Алиев, М.Ж.Мамбеталиев, Э.Догдурбеков, А.Ы.Мусаев, Ш.Абдрахманов, М.Арстанбек, Б.К.Мамытов, Г.А.Молдоева, Б.Калыков, К.Р.Тайтекеев, С.А.Абдрахманов, Т.Т.Казаков, А.М. Матисаков.

Пикир

Оставить комментарий