• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Некролог - Чолпонбаев Улан Сапарбекович

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.11.17 /Кабар/. Кыргыз журтчулугу оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Чолпонбаев Улан Сапарбекович узакка созулган оорудан кийин 40 жашында дүйнөдөн кайтты.

У. Чолпонбаев 1977-жылдын 22-мартында Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин “Дипломатия жана эл аралык укук” факультетин, андан соӊ Россия Федерациясынын Президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик кызматтын россиялык академиясын бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1997-жылы “Манас” аэропортунун бажы терминалында инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

1998-жылдан баштап “Манас” аэропортунун бажы терминалында улук инспектор.

2000-жылы «Галенфарм» ЖЧКсына менеджер болуп кабыл алынган. 2001-жылы “Галенфарм” ЖЧКнын директору болуп дайындалган. 2003-жылы “Галенфарм” ЖЧКнын коммерциялык директору болуп которулган. 2010-жылы “Галенфарм” ЖЧКсынан өз каалоосу боюнча жумуштан бошонгон.

2010-2015-жылдары V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2015-жылдын октябрь айында “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2009-2010-жылдары Монголия Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу.

2011-жылдан бери Ысык-Көл областынын шахмат федерациясынын ардактуу президенти.

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун ардактуу атуулу.

Үй-бүлөлүү. Эки баланын атасы.

Өз журтунун чыныгы атуулу, Жогорку Кеӊештин эки чакырылышынын депутаты, берешен демөөрчү Чолпонбаев Улан Сапарбековичтин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бекем сакталат. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Жумабеков Д.А., Исаков С.Ж., Токбаева А.А., Отунбаева Р.И., Усенов А.Т., Кодуранова А.С., Өмүрбекова А.С., Абдыгулов Т.С., Зилалиев Д.Т., Султанбекова Ч.А., Кенекеев Д.А., Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А,Т., Айдаров С. А., Айнакулов М.А., Акаев Ж. К., Акматов А.Ж., Алимбеков Н. К., Алтыбаева А. Т., Алтынбеков А., Аманкулов М.А., Арапбаев А.А., Артыкбаев О.М., Артыков А., Асылбаева Г.К.,Асылбек уулу Дамирбек, Аттокуров Д.Б., Баатырбеков А. Б., Бабанов Ө.Т., Байбакпаев Э.Ж., Баймуратов К. Ш., Бакиров М. И., Бакчиев Ж. А., Бекешев Д.Д., Бокоев К.С., Жураев С.М., Жамалдинов З. И., Жамангулов А. Ж., Жапаров А.У., Жеенчороев М.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К., Жумалиев К. М., Жунус уулу Адыл, Жунус уулу Алтынбек, Жутанов А.Т., Жээнбеков А Ш., Зулпукаров Т.З., Зулушев К. Т., Ибраимжанов Б.С., Икрамов Т. И., Иманалиев К. К., Иминов Ф.А., Исаев К. К., Исаева Д. Ш., Исаков М.А., Исмаилова А.Ж., Казакбаев Р.А., Калмаматов Ж.А., Карамушкина И.Ю., Карашев А. А., Каримов Н.Т., Касымалиева А.К., Керезбеков К. К., Конушбаев Т. К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М. Э., Мадеминов М. Г., Макеев Н. К., Маматов А., Мамашова А. Т., Мамытов Т.Т., Маннанов И.А., Масабиров Т. А., Масалиев И.А., Матраимов И. И., Молдобекова Г. С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Назаров А.К., Никитенко Н.В., Нурбаев А.М., Нурматов К.С., Нышанов С. К., Өмүркулов И. Ш., Ормонов У.З., Орозова К. Б., Осмонова А. Ш., Пирматов И. А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., Рысалиев З. К., Рыспаев К.Ж., Сабиров М.Э., Салянова А. Ж., Самаев У.О., Самигуллина А.Э., Сарсейитов И.З., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Сулайманов А.Т., Сулейманов Б.И., Султанов А.М., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыков Б.У., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Төлөнов Д.Э., Төрөбаев Б.Э., Төрөкулов Д.Г., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турсунбаев А.А., Турсунбеков Ч.А., Турускулов Ж.К., Узакбаев А.О., Чудинов И.В., Шадиев А.А., Шайназаров Т.У., Шер-Нияз С., Шыкмаматов А.Н., Эгембердиев М.Б., Эргешов А.М., Юсуров А.Л., Ибраев С.К., Момуналиев Н.С., Абдылдаев М.А., Темирбаев А.М.

Пикир

Оставить комментарий