• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог — Филология илимдеринин доктору, Бишкектин ардактуу атуулу Абдыкадыр Садыков дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-июлунда 87 жаш курагында кыргыз адабият таануу илимине аты таанымал ири окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Ч. Айтматов коомдук академиясынын ардактуу академиги, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу Абдыкадыр Садыков узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Абдыкадыр Садыкович Садыков 1933-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган.

1953-жылы Кыргыз ССР нин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган соң, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда, В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунда окутуучу, Кыргыз ССРнин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда ага илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун орун басары, директор кызматтарын аркалаган. СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1980-ж).

1988-жылдан баштап Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Манас таануу жана дүйнөлүк адабият» кафедрасынын жетекчиси, профессору болуп эмгектенген, жүздөгөн адистерди даярдаган.

А. С. Садыков кыргыз адабият таануу тармагындагы ата мекендик илимий мектептин негиздөөчүсү болуп саналат, анын илимий жетекчилиги алдында илимдин 37 кандидаты жана 6 доктору даярдалган. А. С. Садыков тарабынан 400 ашуун илимий эмгектер жарыяланып, анын 100гө жакыны китеп түрүндө жарык көргөн. СССР жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган.

Жарык көргөн монографиялык эмгектеринин арасынан дүйнөнүн ондон ашуун тилине которулган «Улуттук жана интернационалдык адабият» (1970) жана «Кыргыз залкарлары» (2012-2013) деген аталыштагы он томдук эмгектерин белгилей кетсек болот.

А. С. Садыков улуу педагог, илимпоз жана коомдук ишмер катары замандаштарынын эсинде калды. Анын басып өткөн өмүр жолу кесипкөйлүктүн жана чыгармачылыктын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот деп ишенебиз.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, Б. Жакиев, А. Э. Эркебаев, Д. А. Эсеналиев, А. Ж. Исмаилова, К. С. Молдобекова, К. А. Исаков, Н. Ишекеев, М. М. Мураталиев, М. С. Жуматаев, Ш. Ж. Жоробекова, А. А. Акматалиев, С. Ж. Мусаев, К. Ж. Садыков, А. И. Мусаев

Пикир

Оставить комментарий