• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Некролог – Философия илимдеринин доктору Мааметайып Жумагулов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын 19-ноябрында узакка созулган оорудан соң көрүнүктүү илимпоз, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор Жумагулов Мааметайып Жумагулович көз жумду.

Жумагулов Мааметайып Жумагулович - 1949-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулган.

1970-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институттун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн, 1970-73-жылдары ошол эле институттун философия жана илимий коммунизм кафедрасында окутуучу, 1973-76-жылдары СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУда «диалектикалык материализм» адистиги боюнча аспирант, 1978-жылы кандидаттык, ал эми 1994-жылы докторлук диссертацияларын ийгиликтүү жактаган, 1997-жылы профессор наамы ыйгарылган.

1976-жылдын тарта анын бардык илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту менен тыгыз байланышкан. М.Ж.Жумагулов онтология, гносеология, илимдин методологиясы жана экологиянын философиялык маселелери тармагындагы белгилүү адис. Ал 300дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 7 автордук, 7 тең автордук моногорафиялардын, студенттер менен магистранттар үчүн 3 окуу китебинин, 6 окуу-усулдук куралдардын автору.

Профессор М.Ж.Жумагуловдун негизги эмгектери, анын ичинде монографиялык изилдөөлөрү оригиналдуулугу, концептуалдуулугу, илимий жаңычылдыгы жана терең мазмундуулугу менен айырмаланып турат.

Анын монографияларында социотабияттын маңызын концептуалдуу талдоого алуунун негизинде экологиялык маселелердин илимий, социалдык-философиялык жана этикалык аспектилери изилденген.

Профессор М.Жумагуловдун жетекчилиги алдында философиялык, маданият таануучулук жана саясат таануучулук адистиктери боюнча 4 докторлук жана 28 кандидаттык диссертациялар корголгон.

КР УИАнын бүткүл эмгек жамааты М.Жумагуловдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Кайрат кылыңыздар.

Пикир

Оставить комментарий