• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог — Фтизиатр дарыгер Альберт Исмаилов 59 жаш курагында коронавирустан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 2-июнунда коронавирус инфекциясынан 59 жаш курагында Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери Исмаилов Альберт Жумабекович каза болду.

Альберт Жумабекович Ош облусунун Кара Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган, 3 уул жана бир кыздын атасы, 7 небереси бар.

Дарыгер Фрунзе шаарындагы КММИнин “дарылоо иши” факультетин 1978-1984-жылы аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун Ош шаардык инфекциялык ооруканасында инфекционист дарыгери болуп баштаган.

Андан соң Ош шаардык инфекциялык ооруканасында бөлүм башчысы, Совет райондук ооруканасында врач инфекционист, кийинчерээк ошол эле ооруканада врач фтизиатр болуп эмгектенген.

1994-2013-жылдары Кара-Кулжа райондук Тубдиспансерге башкы дарыгери болуп дайындалган.

2013-жылдан ушул мезгилге чейин Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун Дарылоо кенеш берүү бөлүмүнүнө фтизиатр дарыгери болуп эмгектенип келген.

Альберт Жумабекович өз кесибин сүйгөн, өз ишине так, чыгармачыл, кесипкөй, уюштургуч, жоопкерчиликти сезе билген дарыгер катары таанылган. Бейтаптарды өз убагында дарылап, ар бир бейтаптын жүрөгүнөн орун тапкан, кесиптештери арасында кадыр-баркка ээ, жаштарга насаатын аябаган инсан болгон.

36 жылдык эмгек жолунда Саламаттык сактоонун отличниги наамын алган. Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктарына ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий