• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Некролог — Юридика илимдеринин доктору, профессор Карпек Курманов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 24.04.20./Кабар/. 2020-жылдын 24-апрелинде 93 жашында белгилүү окумуштуу юрист, юридика илимдеринин доктору, профессор, Каыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргызстандын юридика илиминин негиз салуучуларынын жана кадырлуу аксакалдарынын бири Карпек Шамсединович Курманов дүйнөдөн кайтты.

К. Ш. Курманов 1928-жылы 30-июнда азыркы Жумгал районунун Кызыл-Туу айылында туулган.

К. Ш. Курманов 1949-жылы М. И. Калинин атындагы Ленинград юридикалык институтунун күндүзгү бөлүмүн аяктаган. Ошентип, ал кыргыз улутундагы юридикалык жогорку билимдүү алгачкы адис болгон.

1947-жылы профессор С. М. Абрамзон жетектеген кыргыз тарыхын изилдеген легендарлуу илимий экспедициянын составында Кашкарга барып келген.

К. Ш. Курманов Кыргыз ССРинин Прокуратурасынын Фрунзе облусундагы милиция жана прокуратура органдарынын ишмердигине көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (1949-1952), Кыргыз ССРинин соода министринин жардамчысы болуп, анан Кыргыз ССРинин Юстиция жана адвокатура министрлигинде (1953—1964), Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинин жазык укугу жана криминалистика кафедрасынын окумуштуу катчысы, улук окутуучусу (1967-1972), Казахстандын Караганда мамлекеттик университетинде доцент, кафедра башчы (1972-1980), анан кайра Кыргыз м амлекеттик университетинин юридика факультетинин доценти (1981-1983), Улуттук илимдер академиясында улук илимий кызматкер, сектор башчы жана бөлүм башчы (1984-1993), Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын профессору жана жазык укугу кафедрасынын башчысы (2003-2009), Кыргыз-Россия Славян университетинин жазык укугу жана процесси кафедрасынын профессору болуп иштеген.

1967-жылы К. Ш. Курманов СССРде наркоманияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы кандидаттык диссертацияны ийгиликтүү жактаган.

1991-жылы К. Ш. Курманов СССРде наркотизм маселелери боюнча алгачкы доктордук диссертацияны жактаган. Анын наркотизмге тиешелүү эмгектери жалпы пайдаланууга жеткиликтүү болуп, СССРдин жана постсоветтик республикалардын укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн практикалык окуу куралдарына айланган.

К. Ш. Курманов 150дөн ашуун илимий эмгектин, мунун ичинен СССРдеги наркотизмге арналган алгачкы жана уникалдуу монографиянын, жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептеринин автору болуп саналат, 7 илимдин докторун, 20 илимдин кандидаттарын даярдаган.

2004-жылы юридика илимдерин өнүктүрүүгө жана юрист кадрларды даярдоого кошкон чоӊ салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген кызматкери» наамына татыктуу болгон. «Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында күжүрмөн эмгеги үчүн» медалы, «СССРдин Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган. 2009-жылы юридика илимдерине жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле юрист кадрларды даярдоого кошкон чоӊ салымы үчүн өлкөнүн жогорку сыйлыгы — 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Карпек Шамсединовичтин жаркын элеси элдин жана кесиптештеринин эсинде түбөлүк кала берет.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, балдарына жана туугандарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, Г. У. Калиева, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, Ө.А. Жамшитов, М. Ю. Абдылдаев, К. Керезбеков, Т. У. Шайназаров, К. С. Молдобекова, К. А. Исаков, М. Т. Жаманкулов, К. Жунушалиев, У. Ж. Абилов, Ч. Жакыпова, Э. Х. Акрамов, А. Ш. Шаршеналиев, С. С. Сатыбеков, М. С. Жуматаев, О. А. Тогусаков, Ч. Арабаев, К. Ж. Садыков, Б. Ж. Рысмендеев, Т. А. Абдрахманов, И. Молдоташев, К. А. Алымкулов, Л. Ч. Сыдыкова, К. М. Сманалиев, Т. А. Асаналиев.

Пикир

Оставить комментарий