• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог – Күлбүбү Мадемилова дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Кыргыз балет искусствосу оор жоготууга учурады – кыргыз аялзатынан чыккан туңгуч балетмейстер Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Күлбүбү Чортоновна Мадемилова 89 жашында дүйнө салды.

Күлбүбү Мадемилова 1929-жылы 20-февралда Фрунзе шаарында туулган. 1937-1941 жылдары Ленинграддагы Ваганов атындагы хореография окуу жайда окуган. 1939-жылы Кыргыз АССРинин маданият жана искусство чыгармачылыгынын Москва шаарында өткөн 1-декадасына активдүү катышкан.

1941-жылдан 1953-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солисти катары эмгектенген. Күлбүбү Мадемилова“Аккуу көлү”, “Раймонда”, “Лауренсия”,“Бахчисарай фонтаны”, “Коппелия”, ”Кызыл кызгалдак”, “Чолпон”, “Анар”, “Селкинчек”балет спектаклдеринде башкы партияларды жогорку чеберчилик менен аткарган.

1953-1958-жж. Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык институттаокуп, “Режиссер-балетмейстер” деген кесипке ээ болгон. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрына башкы балетмейстер болуп дайындалган.

1963-жылы “Кыргыз ССР маданиятына эмгек сиңирген артисти” наамы берилген.

Башкы балетмейстер катары бир нече классикалык балеттерди койгон.Алардын арасында “Жизель”, “Чоң вальс”, “Түнкү Египет”, “Франческа да Римини”, “Испан каприччиосу” ж. б.

1977-1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик бий ансамблинин көркөм жетекчиси болуп иштеген.

1979-жылы “Кыргыз ССР Эл артисти” жогорку наамга татыктуу болгон.

1981-жылы Ысык-Көлдөгү “Боз салкын” ыр-бий ансамблин түзгөн. 1997-жылы Кыргыз Улуттук консерваториясынын алдында “Балетмейстер” кафедрасын ачкан.

Күлбүбү эжебиздин үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын терең бөлүшөбүз.Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Эмгеги жана адамгерчилик сапаттары менен үлгү болгон ишмер, устат Күлбүбү эжебиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат.

С.Ш. Жээнбеков, Д.А. Жумабеков, М.Д. Абылгазиев, М.И. Бакиров, А.С. Кодуранова, К.А. Боронов, А.С. Өмүрбекова, Ж.П. Разаков, З.М. Аскаров, Г.С. Молдобекова, С. Шер-Нияз, Д.А. Эсеналиев, С.К. Ибраев, М.К. Мукамбетов, С. Жумагулов, С.А. Раев, Б. Жакиев, Б. Осмонов,
М. Бегалиев, К. А. Нуртазин, А. Токомбаева, К. Сартбаева, Р. Чокоева, Т. Сейталиев, Э. Муктарова, Ж. Кулманбетов.

Маалымат:Маркум менен коштошуу аземи 29-июльсаат 10.00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий