• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Некролог – Көрүнүктүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору Юлий Худяков каза болду

Коом 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. 74 жашында көрүнүктүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Худяков Юлий Сергеевич каза болду.

Илим чөйрөсүндөгү белгилүү ишмер, өз ишинин чыныгы устаты, илимий-билим чөйрөсүндө кадыр-баркка ээ Юрий Сергеевич 1947-жылы 8-декабрда Кемерово облусунун Крапивинский районундагы Медвежка айылында туулган.

Ал бүт өмүрүн илимге жана кыргыздардын тарыхын изилдөөгө арнаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына кошкон салымы үчүн Ю.С. Худяков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары – III даражадагы “Манас” жана “Данакер” ордендери менен сыйланган.

Юлий Сергеевич Худяковдун бүткүл өмүр жолу – өз ишин берилгендик менен аткаруунун жана талыкпас илимий изденүү менен талап кылынган граждандык парзын аткаруунун өрнөгү.

Юлий Сергеевич Худяков өзүнүн жогорку профессионалдуулугу, активдүүлүгү жана патриоттук позициясы үчүн урмат-сыйга ээ болду. Анын бул жашоодон кетиши илимий-педагогикалык коомчулук үчүн орду толгус оор жоготуу.

Юлий Сергеевич кыргыз элинин эсинде кыргыз элинин улуу досу катары кала берет.

Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана Юлий Сергеевич Худяковдун досторуна, үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз.

С.Н. Жапаров, А.У. Жапаров, А.К. Касымалиева, Н.Ж. Бакирова, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.К. Койчиев, Б.И. Борубашев, А.К. Эргешов, Р.А. Казакбаев, Б.Д. Купешов, А.К. Жаманкулов, М.С. Джуматаев, Б.К. Тыналиева, В.М. Плоских, А.А. Асанканов, Т.А. Абдырахманов, К.Ж. Садыков, Э.Дж. Маанаев, О.Дж. Осмонов, Т.К. Чоротегин, К.С. Молдокасымов, О.К. Каратаев, М.Ч. Кожобеков, К.Ш. Табалдыев, О.А. Солтобаев ж.б.

Пикир

Оставить комментарий