• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог: Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич

Коом 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Кыргызская Республикасы орду толгус оор жоготууга учурады. 12-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 49 жашында кайтыш болду.

Н.Кадыкеев 1970-жылдын 21-январында Нарын областындагы Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча, 2007-жылы КР Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны “финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1988-жылы Нарын областынын Кочкор районундагы “Кочкорка” ЭОГПЗында автослесарь болуп иштөө менен баштаган.

1997-2000-жылдары Бажы иштери боюнча “Туркуаз” ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

2000-2001-жылдары “Дамла-Транс ЛТД” ЖЧКсында башкы директор;

2001-жылдан 2002-жылга чейин КР Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмүндө оперуполномоченный болуп иштеген.

2002-жылдан 2003-жылга дейре Чүй жана Талас областтары боюнча Региондор аралык финансы полициясы башкармалыгынын бажылык укук бузуулар, кыянаттык кылуу жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн улук оперуполномоченныйы болуп эмгектенген.

2003-2004-жылдары Чүй жана Талас областтары боюнча Региондор аралык башкармалыгында 3-бөлүмдүн башчысы болгон.

2004-жылдан КР Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Бишкек бажы ЖТКнын начальнигинин орун басары болуп дайындалган. Ошол жылдын сентябрынан 2005-жылга чейин КР Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Кара-Балта бажы ЖТКнын начальнигинин орун басары болуп дайындалган.

2005-жылдан 2010-жылга чейин дейре “Манас” бажыканасынын начальниги.

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Ал 2015-жылдын 28-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына шайланып, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетти жетектеген, өлкөнүн фискалдык саясатына байланыштуу бир катар орчундуу мыйзам долбоорлорун демилгелеген.

Анын артында аялы жана эки баласы калды.

Нурланбеке Кадыкеевдин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүнүн түркүрүндө сакталып кала берет.

Жээнбеков С.Ш., Жумабеков Д.А., Абылгазиев М.Д., Токбаева А.А., Кодуранова А.С., Бакиров М. И., Боронов К.А., Разаков Ж.П., Өмүрбекова А.С., Аскаров З.М. Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А,Т., Айдаров С.А., Айнакулов М.А., Акаев Ж.К., Акматов А.Ж., Алимбеков Н. К., Алтыбаева А.Т., Алтынбеков А., Аманкулов М.А., Арапбаев А.А., Артыкбаев О.М., Артыков А.А., Асылбаева Г.К., Аттокуров Д.Б., Баатырбеков А.Б., Байбакпаев Э. Ж., Баймуратов К.Ш, Бакчиев Ж.А., Бекешев Д.Д., Бокоев К.С., Гайпкулов И.Т., Жураев С.М., Дүйшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Жамангулов А.Ж., Жапаров А.У., Жеенчороев М.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К., Жумалиев К.М., Жунус уулу Адыл, Жунус уулу Алтынбек, Жутанов А.Т., Жээнбеков А.Ш., Зулпукаров Т.З., Зулушев К. Т., Ибраимжанов Б.С., Икрамов Т.И., Иманалиев К.К., Исаева Д.Ш., Исаев К.К., Исаков М.А., Исмаилова А.Ж., Казакбаев Р.А., Карамушкина И.Ю., Карашев А.А., Каримов Н.Т., Касымалиева А.К., Келдибаев С.А., Керезбеков К.К., Конушбаев Т.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М.Э., Мадеминов М.Г., Маматалиев М.А., Маматов А.М., Мамашова А.Т., Мамытов Т.Т., Маннанов И.А., Масабиров Т.А., Масалиев И.А., Матраимов И.И., Молдобекова Г.С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Мусаев Н.И., Назаров А.К., Никитенко Н.В., Нурбаев А.М., Нурматов К.С., Нышанов С.К., Өмүркулов И.Ш., Ормонов У.З., Орозова К.Б., Осмонова А.Ш., Пирматов И.А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., Рысалиев З.К., Рыспаев К.Ж., Сабиров М.Э., Самаев У.О., Самат Г-К., Самигуллина А.Э., Сарсейитов И.З., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Сулайманов А.Т., Сулейманов Б.И., Султанов А.М., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыков Б.У., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Төлөнов Д.Э., Төрөбаев Б.Э., Төрөкулов Д.Г., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турсунбаев А.А., Турсунбеков Ч. А., Турускулов Ж.К., Узакбаев А.О.,Чойбеков Р.Н., Чудинов И.В., Шадиев А.А., Шарапов З.Э., Шайназаров Т.У., Шер-Нияз С., Шыкмаматов А. Н., Эгембердиев М.Б., Эргешов А.М., Юсуров А.Л., Ибраев С.К., Эсеналиев Д.А., Мукамбетов М.К., Дыйканбаев К.С., Темирбаев А.М.

Пикир

Оставить комментарий