• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог - Какиш Рыскулова

Коом 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. 2018-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын академиги, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы», «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер», медицина илимдерин доктору, профессор, өлкөбүздөгү биринчи хирург аял — Рыскулова Какиш 100 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Какиш Рыскулова 1918-жылдын 15-октябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак айылында туулган. 1944-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун мыкты артыкчылык диплом менен аяктаган. Студенттик жылдары сталиндик стипендияга татыктуу болгон.

Рыскулова Какиш эмгек жолун 1936-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайында окуп жүргөн мезгилде эле медициналык айым болуп иштөөдөн баштаган жана ата мекендик хирургиянын башатында турган.

1951-жылы кандидаттыгын жактаган, ал эми 1967-жылы докторлук диссертациясын Москвадан жактаган. 1968-жылы ага профессор наамы ыйгарылган.

Анын 250дөн ашык илимий иштери, 13 монографиясы, 11 ойлоп чыгаруулары жарыяланган, 47 рационализатордук сунуштары ишке кирген жана 4 китеби басып чыгарылган.

Ал таланттуу медиктердин бир катар муунун окутуп, 32 медициналык илимдин кандидатын жана 7 медицина илимдеринин докторун даярдап чыгарган.

Кесиптик илимий-медициналык ишмерлигинен тышкары, К.Рыскулова Фрунзе шаардык Советтин элдик депутаты, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку чакырылышын депутаты катары коомдук-саясий ишмердүүлүктү да активдүү жүргүзүп келген. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин V жана VI чакырылыштарынын Президиумунун төрагасынын штаттан тышкаркы орун басары болуп иштеген (1959-1967-жж.). Кыргызстан Компартиясынын XII съездинде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

Саламаттык сактоо тармагына кошкон баа жеткис салымы, кынтыксыз аткарган иштери, республиканын коомдук, саясий иштерине активдүү катышканы, дарыгерлерди, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого жана Кыргыз Республикасынын илимин өнүктүрүүгө татыктуу салым кошкону үчүн Какиш Рыскулова «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Ардак Белгиси», «Ленин», «Даңк», III жана II даражадагы «Манас» ордендери жана медалдары менен жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргызстандагы биринчи хирург аял, көрүнүктүү инсан, кыргыз медицинасына зор салым кошкон илимпоз катары Какиш Рыскулованын жаркын элеси эсибизде түбөлүккө сакталат.

C.Ш. Жээнбеков, Д. А. Джумабеков, М. Д. Абылгазиев, Д. А. Эсеналиев, М. И. Бакиров, А. С. Кодуранова, К. А. Боронов, Ж. П. Раззаков, З. М. Аскаров, А. С. Омурбекова, Г. С. Молдобекова, С. К. Ибраев, К. С. Чолпонбаев, Г. К. Кудайбердиева, М. С. Джуматаев, Т. Д. Абдраимов, К. Т. Шадыханов, М. М. Каратаев, Э. М. Чечейбаев, М. М. Мамакеев, М. М. Мамытов, И. О. Кудайбергенова, Д. К. Кудаяров, А. Р. Раимжанов, С. А. Джумабеков, А. М. Мурзалиев, Н. К.Касиев, Р.О.Оморов

Маалымдама: Маркумду узатуу зыйнаты Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында 2018-жылдын 28-августунда саат 10-00дө өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий