• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог — Өкмөттүн парламенттеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Бектемир Кожоев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Жетимиш жаш курагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти Бектемир Кожоевич Кожоев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бектемир Кожоев 1950-жылдын 15-ноябрында Нарын областынын Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң, ал СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тарых жана коом таануу адистигине окууга тапшырган.

Өз эмгек жолун Бектемир Кожоев 1973-жылы университетти аяктаган соң Нарын областынын Ат-Башы районунун Ленин атындагы орто мектепте мугалими катары баштаган.

1975-жылдын декабрь айынан 1979-жылга дейре ал Нарын областтык комсомол комитетинин инструктору, сектор башчысы, уюштуруу бөлүм башчысынын орун баасары болуп иштеген. 1979-жылдан 1983-жылга дейре Кыргыз ССРинин ЛКЖС Тогуз-Торо райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1983-жылдан 1988-жылга чейин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Нарын областтык комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүндө консультант, Саясий агартуу үйүнүн лектордук тобунун жетекчиси, бөлүмдүн биринчи орун басары болуп иштеген. 1988-жылдан 1991-жылга дейре Бектемир Кожоев Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Нарын шаардык комитетинин катчысы болуп иштеген.

1991-жылдын ноябрынан 1992-жылдын апрель айына чейин Нарын шаардык Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы болуп иштеген. 1992-1994-жылдары Эл депутаттарынын Нарын шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 1994-жылдан 1995-жылга дейре Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары кызматын ээлеген. 1995-1996-жылдары – Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси, ал эми 1996-жылдан 2001-жылга дейре – Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси.

Акыркы 14 жылда ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында, андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иштеген.

2004-жылдын 15-майынан 2005-жылдын 26-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы туруктуу өкүлү – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болгон.

Мамлекеттик башкаруу тутумундагы чоң тажрыйбасын эске алуу менен Бектемир Кожоев көптөгөн кызматтарды аркалаган, анын катарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысы рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары болгон.

Акыркы 8 жылда Бектемир Кожоев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн эксперти кызматын аркалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иштеген мезгилде Бектемир Кожоев өзүн жогорку деңгээлдеги кесипкөй, чынчыл жана ар дайым жаш адистерге жардам колун сунуп, кеп-кеңешин айткан адам катары көрсөткөн.

Көп жылдык эмгеги жана өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн ал «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери» сыймыктуу наамына, ошондой эле Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси класстык чинине ээ болгон.

Бектемир Кожоевичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшүп, акындарына жана туугандарына терең көңүл айтабыз.

Боронов К.А., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Темиралиев Т.А., Джунусов Б.Т., Абытов А.А., Араев А.М., Борубаев Н.Н., Бусурманкулов Э.Б., Мойдинов И.Ж. Абдукаримов Э.М, Абетекова Р.Н, Эшенкулова А.С.

Пикир

Оставить комментарий