• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог — Коомдук ишмер, дарыгер Оморбай Нарбеков 79 жашында дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Өлкөнүн коомчулугу орду толгус чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү коомдук ишмер, дарыгер, Апрель Элдик революциясынын баатыры Оморбай Нарбеков 79 жашында дүйнө салды.

Оморбай Нарбеков 1941-жылы Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында туулган.

1965-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, эмгек жолун өзү окуп бүтүргөн окуу жайында баштаган, 1970-жылы илимий ишин жактап, медицина илимдеринин кандидаты болгон.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун проректору, 1985-жылы калыбына келтирип дарылоо жана курортология илимий изилдөө институтунун жана элдик медицина борборунун директору болуп иштеген.

1988-жылы биринчи жолу Кыргызстанда өзүн-өзү каржылаган «Бейиш» элдик медицина борборун түптөгөн. Анын илимий эмгектери бийик тоо шартында өпкө гипертензиясы жана жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алууга, Кыргызстандын минерал сууларын, дары баткактарын дарылык максатка колдонуунун жолдорун изилдөөгө, ошондой эле элдик медидинанын айрым ыкмаларын изилдеп, иштеп чыгууга жана башкага арналган. 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 14 монография, 8 ойлоп чыгаруунун) автору.

Бүткүл өмүрүн медицина тармагынын өнүгүшүнө арнап, эмгеги менен өлкөсүнө кадыры өткөн, Оморбай Нарбеков 2010-жылы Апрель Элдик революциясына түздөн-түз катышкан.

Көп жылдык күжүрмөн эмгеги бааланып, «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамын алган, Апрель элдик революциясынын баатыры.

Оморбай Нарбековичтин өмүрү жана эмгек жолу — принципиалдуулуктун, мекенчилдиктин, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөн мээнеткечтиктин үлгүсү, анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат.

Оморбай Нарбековдун жаркын элеси элибиздин эсинде сакталат, анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Отунбаева Р.И., Жумабеков Д. А., Исмаилова А.Ж., Омуркулов И.Ш., Эсеналиев Д. А., Бекбоев Т.Б., Алымкулов А.Т., Исаков И.И., Каптагаев Э.С., Дуйшебаев К.А., Бекназаров А.А., Мураталиев М.М., Шадыбеков Д. Т., Сапаков К.Ж., Султанмуратов М., ж. б.

Пикир

Оставить комментарий