• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Некролог — Коомдук ишмер, экономика илимдеринин кандидаты Авасбек Алымкулов каза болду

Коом 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Кыргыз коомчулугу оор жоготууга учурады. 72 жаш курагында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, экономика илимдеринин кандидаты Алымкулов Авасбек Батырбекович дүйнө салды.

Алымкулов Авасбек Батырбекович 1948-жылы Талас облусундагы Талас шаарында туулган. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, Авасбек Батырбекович Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу Борбордук статистика башкармалыгында улук экономист болуу менен эмгек жолун баштаган. Ал андан кийин Кыргыз ССРнин Мамлекеттик пландоосунун Экономика жана экономикалык-математикалык методиканы пландоо илимий-изилдөө институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштеген.

1981-1991-жылдары Москвадагы СССРдин ИИМ органдарында кызмат өтөгөн. Андан соң «Феникс» АКта (Москва ш.) маркетинг боюнча директор, Казакстандагы экономиканы илгерилетүү ассоциациясынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башкы директорунун орун басары болуп иштеген.

1994-жылдан 1996-жылга чейин Кыргыз керектөөчүлөр бирлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы болгон.

1996-2000-жылдары Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Интеграция комитетинде иштеген. Ошондой эле Москва шаарынын Соода-бажы башкы бөлүмүнүн башчысы, Социалдык-эмгек мамиле башкы башкармалыгынын (Москва шаарында) жетекчисинин орун басары, Алматы шаарында социалдык-эмгек мамиле башкы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.

2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын КМШ менен байланыш боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын КМШ менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон. 2003-2005-жылдары Москва шаарынын Коомдук байланыш комитетинин «Жумуш орундарына квота берүү борбору» мамлекеттик мекемесинин уюштуруу-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Андан соң 2005-жылдан 2009-жылга чейин Рыноктук инфраструктураны өнүктүрүү департаментин жетектеген. 2009-2012-жылдар аралыгында Энергетикалык саясат жана экологиялык маселелер боюнча департаменттин жетекчиси кызматын ээлеген. 2014-2015-жылдары ЕврАзЭБге мүчө мамлекеттерде ядролук жана радиациялык коопсуздук федералдык борборунун өкүлү катары иштейт.

Алымкулов Авасбек Батырбекович кесипкөй адис, талап коё билген жетекчи болгон. Алымкулов Авасбек Батырбековичтин жаркын элеси мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кылжыев С.А., Айдарбеков Ч.А., Сыдыков Д.Б., Муралиев А.М, Тургуналиев Т.Т., Мавлянов А., Ибраимова Ч., Исаков К., Исхаков С., Арстакеев С., Усупов У., Айдарбеков А., Токтоболотов М., Суюмбаев Б., Бутов В., Ниязалиев Н., Бардинова Н., Мадмаров А., Абдырахманов Н. А.

Пикир

Оставить комментарий