• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Некролог — Коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Узакка созулган оорудан кийин коомдук ишмер, агартуучу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон, «Даңк» медалынын ээси Ташбоо Рахманбердиевич Жумагулов 70 жаш курагында дүйнө салды.

Т. Жумагулов 1950-жылы 16-январда Таластын Жоон-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин алгач партиялык, комсомолдук кызматтарда такшалып, Кыргыз ССР Министрлер Советинин аппаратында улук референти, Талас облустук маданият башкармалыгынын башчысы, Талас облусунун Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Бишкек шаардык депутаттар кеңешинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы маданият боюнча мамлекеттик комиссиясынын төра га орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси — жооптуу жетекчи кызматтарын аркалап, өзүнүн жогорку уюштуруучулук жөндөмүн, мекенчил сезимин, атуулдук жоопкерчилигин татыктуу көрсөтө алды.

Т. Жумагулов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ишин башкарган жылдарда мамлекеттик тил саясатына жаңы дем берип, баркы көтөрүлүп, аны өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзгөн. Улуттук тилдин проблемаларын көтөрүү жана жайылтуу менен мамлекеттик тилибиздин өнүгүүсүнө, коомдук турмушубузда кеңири кулач жайысууна өзгөчө салым кошту.

Ташбоо Рахманбердиевич мамлекеттик тилдин мыйзамдык базасын чыңдоого активдүү киришүү менен бир эле мезгилде, аны окуп-үйрөнүү үчүн шарт түзүп берүүгө чоң маани берип, иштиктүү аракеттерди жүргүздү.

Анын сунушу менен Кыргыз тилинин орфографиялык, түшүндүрмө сөздүктөрү чоң нускада басылып чыгып, Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясы бекитилген. Компьютерде, интернетте мамлекеттик тилди кеңири колдонуу саамалыктарын баштаган.

Ташбоо Рахманбердиевич Жумагулов адамгерчилиги, кең пейилдиги, мекенчилдиги, чечкиндүүлүгү жана тубаса чечендиги менен айырмаланган ар тараптуу инсан катары замандаштарынын эсинде калды.

Т. Р. Жумагуловду акыркы сапарга узатып жатып, ысмы эл арасында түбөлүк сакталып каларына ишенебиз жана маркумдун жакындарына, туугандарына, аны тааныган, сыйлаган замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, К. С. Молдобекова, К. А. Исаков, Ч. А. Айдарбеков, К. К. Иманалиев, Н. Ишекеев, М. М. Мураталиев, М. С. Жуматаев, Ш. Ж. Жоробекова, А. А. Акматалиев, А. Э. Эркебаев, С. Ж. Мусаев, К. Ж. Садыков, Б. Ж. Сыдыкназаров.

Пикир

Оставить комментарий